Аймак

АКШ КОНГРЕССИ АРМЯНДАРДЫН ГЕНОЦИДИН ТААНЫДЫ

АКШ КОНГРЕССИ АРМЯНДАРДЫН ГЕНОЦИДИН ТААНЫДЫ

 731 Бардыгы /

Шейшембиде АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы биринчи жолу формалдуу түрдө 1915-жылы Осмон империясы тарабынан армяндардын жапырт түрдө өлтүрүлүшүн геноцид деп тааныды.

Көпчүлүк добуш менен кабыл алынган резолюцияда Кошмо Штаттар бир жарым миллион армяндын өлтүрүлүшүн геноцид деп таанып, аны айыптай турганы айтылат.

Буга чейин америкалык мыйзам чыгаруучулар НАТО боюнча өнөктөшү болгон Түркия менен мамилени бузуп албоо үчүн бул резолюцияны бир нече жолу четке каккан.

Анкара армяндардын өлүмүн Осмон империясынын кыйрашына туш келген трагедиялык окуя деп эсептейт.

Түркиянын Сирия түндүгүндөгү жортуулу Конгресстеги маанайды кескин өзгөрттү. Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси түрк армиясынын күрддөргө каршы чабуулун азыркы замандагы коркунучтар тууралуу коңгуроого теңеди.

– Көп учурда оор кылмыштар четке кагылып келген, – деди ал.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Конгресстин аракетин «уят чечим» деп атап, Түркия өкмөтү жана түрк калкы үчүн мунун эч кандай мааниси жок экенин айтты.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17