Аймак

АКШДА СОТ МЮЛЛЕРДИН БАЯНДАМАСЫН ТОЛУГУ МЕНЕН ЖАРЫЯЛООГО ТЫЮУ САЛДЫ

АКШДА СОТ МЮЛЛЕРДИН БАЯНДАМАСЫН ТОЛУГУ МЕНЕН ЖАРЫЯЛООГО ТЫЮУ САЛДЫ

 1,014 Бардыгы /

АКШда аппеляциялык сот Орусиянын 2016-жылкы шайлоого кийлигишүүсү боюнча мурдагы атайын прокурор Роберт Мюллердин иликтөөсүнүн редакцияланбаган версиясын Конгресстин Өкүлдөр палатасына берүүгө бөгөт койду.

Буга чейин аймактык сот президент Дональд Трамптын администрациясын 30-октябрга чейин Өкүлдөр палатасына Мюллердин баяндамасынын толук версиясын берүүгө милдеттендирген.

Ак үй бул чечимге каршы чыгып, жогорку инстанцияга арызданган. Юстиция министрлиги аппелияциялык соттон материалдарды берүүгө убактылуу тыюу салууну сураган. Министрлик баяндаманы толугу менен ачыкка чыгаруу азыр жүрүп жаткан иликтөөгө кедергисин тийгизет деп эсептейт.

Орусиянын 2016-жылкы шайлоого кийлигишүүсүн иликтеген атайын прокурор Роберт Мюллер Трамптын штабы менен Москванын байланышы жөнүндө жетиштүү далил тапкан эмес. Бирок ал президентти «күнөөсүз» деп атоодон баш тартып, бул маселени башкы прокурордун кароосуна калтырган. Өз кезегинде баш прокурор Уильям Барр Трампты жоопкерчиликке тартпоо жөнүнө чечим кабыл алган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17