Аймак

ТАЖИКСТАНДЫК ЖАКТООЧУ ӨМҮР БОЮ АДВОКАТТЫК ЛИЦЕНЗИЯСЫНАН АЖЫРАТЫЛЫШЫ МҮМКҮН

ТАЖИКСТАНДЫК ЖАКТООЧУ ӨМҮР БОЮ АДВОКАТТЫК ЛИЦЕНЗИЯСЫНАН АЖЫРАТЫЛЫШЫ МҮМКҮН

 646 Бардыгы /

Душанбенин Сино райондук соту адвокат Абдулазиз Абдурахмонзоданы «Алдамчылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 20 миң сомони (2 миң долларга жакын) өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирди.

Адвокатка каршы кылмыш иши Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин Душанбе шаардык башкармалыгы тарабынан козголгон: ал кардарынан пара алган деп айыпталган. Бирок Абдурахмонзода аны мыйзамсыз кармап, кыйноого алышканын билдирүүдө.

Адвокаттар бирлигинин төрагасы Саидбек Нуриддиновдун айтымында, сотто Абдурахмонзодага карата кыйноо колдонулганы далилденгенине карабастан, сот аны күнөөлүү деп тапты. Ал бул чечим боюнча жогорку баскычтагы сотко кайрыла турганын билдирди.

Нуриддиновдун айтымында, райондук соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин Абдурахмонзода өмүрүнүн аягына чейин адвокаттык лицензиясынан ажыратылышы мүмкүн.

— 2015-жылы адвокатура тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, эгер адвокат сот жоопкерчилигине тартылса, адвокаттык лицензиясынан өмүрүнүн аягына чейин ажыратылат. Биз эл аралык стандарттарга каршы келген бул норманы кайрадан карап чыгуу өтүнүчү менен парламентке дагы, президентке дагы кайрылганбыз. Азырынча эч кандай жыйынтык жок, — деди ал.

Адвокаттар бирлигинин маалыматына караганда, Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин кызматкерлери Абдурахмонзоданы мыйзамсыз кармап, Варзоб райондук сотуна каршы көрсөтмө бердиртүү үчүн кыйноого алышкан. Өз кезегинде антикоррупциялык мекеме бул айыптоолорду четке кагып, адвокаттын күнөөсү аныкталганын билдирүүдө.

27 жаштагы Абдулазиз Абдурахмонзод адвокаттык ишмердүүлүк менен төрт жылдан бери алектенип келет.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17