Аймак

КАЛКТЫ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАКТАН САПАТТУУ ТЕЙЛӨӨДӨ КАНДАЙ ИШТЕР ЖҮРҮҮДӨ?

КАЛКТЫ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАКТАН САПАТТУУ ТЕЙЛӨӨДӨ КАНДАЙ ИШТЕР ЖҮРҮҮДӨ?

 1,218 Бардыгы /

Жалал-Абад областынын калкын медициналык жактан тейлөө жана  сапаттуу жардам көрсөтүү максатында алгылыктуу иштер жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн областтык коллегияда айтылды.

Алсак, Германия мамлекетинин колдоосу менен областтык клиникалык ооруканасынын жабдыктары менен сметалык наркы 3 млн.евро болгон медициналык ыкчам жардам көрсөтүү бөлүмүнүн имаратынын, республикалык бюджеттен Жалал-Абаддагы 110 орундуу балдардын психоневрологиялык стационардык мекемесинин имараттарынын курулуштары аяктап, сырткы көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери жүрүүдө.

Ал эми Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 14,0 млн. сомдук райондун аймактык ооруканасынын 20 койкалуу структуралык бөлүмүнүн курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

Сузак районундагы Ырыс айыл аймагындагы №16 үй-бүлөлөр тобунун жаңы имараты бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Областтын аймагында 11 ФАПтын имаратынын курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген: Сузак районунда – 5, Ала-Бука районунда – 2, Базар-Коргон районунда – 1, Чаткал районунда -1, Ноокен районунда – 2.  Ошондой эле Ноокен районунун Масы айыл аймагында жеке ишкер тарабынан 15 млн сом акча каражатына “Ден соолукту чыңдоо борборунун” имараты курулуп, пайдаланууга берилди.

 

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17