Аймак

ТҮРКМӨН ЖАРАНДАРЫ ЧЕТ ӨЛКӨГӨ УЛУТТУК ВАЛЮТА АЛЫП ЧЫГУУДА КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРГА ТУШ БОЛУУДА

ТҮРКМӨН ЖАРАНДАРЫ ЧЕТ ӨЛКӨГӨ УЛУТТУК ВАЛЮТА АЛЫП ЧЫГУУДА КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРГА ТУШ БОЛУУДА

 845 Бардыгы /

Түркмөнстандын жарандары чет мамлекеттерге өлкөнүн улуттук валютасын —манатты алып чыгууда кыйынчылыктарга туш болуп жатышат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, Ашхабад аэропортунда өлкөдөн акча чыгарып бараткан адамдардан доллар менен катар манаттын суммасын дагы сурап жатышат.

«Жакында тааныштарымдын бири өлкөдөн 800 манат алып чыгыптыр. Ошол эле маалда жанындагы 1000 манат алып бараткан жаранга уруксат берилбептир. Мындай текшерүүлөр акыркы кездери манатты чек өлкөгө чыгарып, ал жактан долларга алмаштыруу учурлары көбөйгөндүгүнө байланыштуу болууда, — деди кабарчы.

Маалыматка караганда, Түркмөнстанда расмий түрдө өлкөдөн накталай түрдө 10 миң доллардан ашык чыгарууга болбойт. Былтыр жайында бул сумма 3 миң долларга чейин төмөндөтүлгөнү кабарланган. Ошол эле маалда манат менен өлкөдөн канча акча чыгарууга уруксат экендиги белгисиз.

Түркмөнстанда расмий курска ылайык, 3,5 манат 1 АКШ долларына барабар. Бирок көмүскө акча алмаштыруу базарында америкалык валюта дээрлик беш эсе кымбат сатылат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17