Аймак

КЕСИПТИК МАЙРАМДЫ ТАЛАА ШАРТЫНДА МАШЫГУУ МЕНЕН БЕЛГИЛЕШТИ

КЕСИПТИК МАЙРАМДЫ ТАЛАА ШАРТЫНДА МАШЫГУУ МЕНЕН БЕЛГИЛЕШТИ

 1,196 Бардыгы /

1-ноябрь Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата, Жалал-Абад ОИИБдин КККнын Өзүнчө Ротасынын өздүк курамы бир күндүк талаа шартында (марш бросок) машыгуудан өтүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Кесиптик майрамды утурлай, таң эртеден өздүк курам окуу машыгуу максатында түп көтөрүлүп, жүк каптарын даярдашып, атайын ок атуучу талаага 20 (жыйырма) чакырым аралыкка жөө чуркап барышты. Милиция кызматкерлери үчүн көнүмүш болгондой эле, айрыкча алардын күжүрмөн даярдыктарын, чыдамкайлыгын, дене тарбия машыгуусун жана күжүрмөн куралдан ок атуудагы тажрыйбаларын текшерүүгө багытталган «марш бросок» бул күнү спорттук иш-чаралар менен да коштолду. Тактап айтканда, КККнын ӨРнын өздүк курамы 4 командага бөлүнүшүп спорттун аркан тартыш, кол күрөш, таш көтөрүү жана башка түрлөрүнөн күч сынашышты.

Ал эми бул иш-чаранын соңунда машыгууда болгон кызматкерлер – Кыргыз милициясынын 95 жылдык майрамынын алдында мындай машыгуу аларга дем күч берип, эл-жер үчүн ак эмгек менен кызмат өтөөгө өбөлгө экендигин белгилешти.

“Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17