Аймак

95 ЖЫЛДЫККА КАРАТА АЛГЫЛЫКТУУ ЖУМУШТАР АТКАРЫЛУУДА

95 ЖЫЛДЫККА КАРАТА АЛГЫЛЫКТУУ ЖУМУШТАР АТКАРЫЛУУДА

 1,310 Бардыгы /

Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата Жалал-Абад областынын аймагында ар түрдүү иш-чаралар милиция тарабынан колго алынууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык Ала-Бука РИИБи тарабынан жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана улуттар аралык ынтымакты бекемдөө максатында кичи-футбол уюштурулду. Ар улуттун өкүлдөрүнөн куралган жалпы 8 команда күч сынашып, жеңүүчүлөргө кубок, медаль, акчалай сылыктар ыйгарылды.

Мындан сырткары Тогуз-Торо РИИБнин кызматкерлери район борборундагы жана Арал айылындагы ИИМдин ардагери, милициянын генерал майору Т.Жээналиевдин ысымын алып жүргөн көчөлөрдү тазалашты. Илинген тактайчалар иретке келтирилип, актап-сырдоо иштери жүргүзүлдү.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17