Аймак

TWITTER САЯСИЙ РЕКЛАМАЛАРГА ТЫЮУ САЛАТ

TWITTER САЯСИЙ РЕКЛАМАЛАРГА ТЫЮУ САЛАТ

 825 Бардыгы /

Twitter социалдык түйүнү мындан ары саясий жарнамаларды жарыялоодон баш тартууга ниеттенүүдө. Компания мындай чечимин «бул сыяктуу маалыматтар сатылбашы керек» деп түшүндүрдү.

Twitter компаниясынын башчысы Жек Дорсинин билдиришинче, сервисте шайлоого талапкерлердин жарнамалары жана саясий темадагы кулактандыруулар 22-ноябрдан тарта жарыяланбайт.

Twitter түйүнүнүн атаандашы болгон Facebook жакында саясий рекламаларга киргизилген тыюудан баш тарткан. Компаниянын башчысы Марк Цукербергдин пикиринде, жарандардын өз оюн эркин билдирүү укугу сакталашы керек.

Буга чейин Facebook компаниясынын жүздөгөн кызматкери тастыкталбаган саясий рекламаларды социалдык түйүнгө жайгаштырууга каршы чыгышкан.

21-октябрда Facebook 2020-жылы АКШда өтө турган президенттик шайлоого тыштан кийлигишүүнүн алдын алуу үчүн көзөмөлдү күчөтө турганын жарыялаган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17