Аймак

ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН ЖАРЫЯЛАДЫ

ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН ЖАРЫЯЛАДЫ

 1,322 Бардыгы /

БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чыгармачылык сынагынын жеңүүчүлөрү жана жигердүү катышуучулары салтанаттуу түрдө сыйланышты. Номинанттарды Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кабыл алды жана чын дилден куттуктады.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков куттуктоо маалында сынактын ар бир катышуучусунун салымын баса белгиледи жана буга катышкандардын бардыгына тең терең ыраазычылыгын билдирди. Сынак Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түптөлгөндүгүнүн 75 жылдыгын белгилөө алкагында өткөрүлүп жаткан негизги ишчаралардын бөлүгү болуп саналаарын жана Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ишмердүүлүгүн чагылдыруу боюнча жарандардын эмгегин таанууга жана сыйлоого багытталгандыгын өзгөчө белгиледи.

         Сынакты жарыялап жатып, бардык каалоочулардын катышуусуна, өз

Эмгектерин көрсөтө алуусуна мүмкүнчүлүк берүү жана алардын чыгармачылык дараметин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатын алдыбызга койгонбузБиз бул максатка жете алдык деп ойлойм. Ошентип, чыгармачыл жарыш кабардык каалоочулар катыша алышты. Ал эми бүгүн сынактын жеңүүчүлөрүн кабылалыпаларды куттуктап жатканыбыз – биз үчүн абдан чоң сыймык!  деди Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков.

Ошентип, комиссия тарабынан төмөнкү номинацияларда сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды:

  1. «Кыргыз Республикасынын дипломаттарынын ишмердүүлүгүнмыкты чагылдырганы үчүн» Марат Саралинов – Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;
  2. «Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ишмердүүлүгүнмыктычагылдырганы үчүн»– Эрмек Актанов – «Биринчи Радионун» кабарчысы;
  3. «Кыргыз Республикасынын  Тышкы иштер министрлигининжана дипломатиялык кызмат органдарынын ишмердүүлүгүн мыкты чагылдырганы үчүн» Алмаз Батилов – «Sputnik» Эл аралык маалыматтык агенттигинин колумнисти.

Ошондой эле Комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Атабековдун жана Жаңыл Боконбаеванын сынакка жигердүү катышкандыгы баса белгиленди.

Мындан тышкары бул сынактын жеңүүчүлөрүнө жана жигердүү катышуучуларына эстеликке  белектер жана дипломдор тапшырылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17