Аймак

МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕЛЕРИ МЕЛДЕШИШТИ

МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕЛЕРИ МЕЛДЕШИШТИ

 1,045 Бардыгы /

ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасынын Борбордук стадионунда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин арасында спорттук мелдеш жыйынтыкталды. Бул иш-чара Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына арналды.  

Адегенде кесиптештерин майрамы менен кызуу куттуктаган Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын полковниги Муратбек Боронов буларга токтолду: – Спорттуу сүйбөгөн кызматкерден мыкты милиционер чыгышы күмөн. Анткени, аларга кылмышкерлерди кармоо абдан кыйынга турат.Ошондуктан, ар бир кесиптешим спорт менен күн сайын машыгууга милдеткер!

Спорттук мелдештин жыйынтыгында мини футболдо ыкчам аракеттеги отярддын командасы биринчи, Криминалдык Милициянын командасы экинчи, Сулайман Тоо милиция бекетинин командасы үчүнчү орунду ээлешти. Ал эми волейбол боюнча мелдеште Сулайман Тоо милиция бекетинин командасы биринчи, Борбордук аппараттын командасы экинчи, кайгуул көзөмөл батальонунун командасы үчүнчү орунду камсыз кылышты. Аркан тартышта Борбордук аппараттын командасы биринчи, Криминалдык Милициянын командасы экинчи, Сулайман Тоо милиция бекетинин командасы үчүнчү орунду ээлешти. Аялдар арасындагы мелдеште Борбордук аппараттын айымдары биринчи, Кайгуул күзөт батальонун ак жоолукчандары экинчи, Сулайман Тоо милиция бекетинин айымдары үчүнчү орунду камсыздашты. Мындан тышкары «Мыкты дарбазачы», «Мыкты чабуулчу», «Мыкты коргоочу» жана «Мыкты оюнчу» дагы аныкталды.

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына арналган спорттук мелдештин жеңүүчүлөрүнө кубокторду, дипломдорду жана акчалай сыйлыктарды Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилери М. Боронов, Т. Нурбаев, А. Раимбердиев жана А. Бахмаров, ошондой эле Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ардегерлер Кеңешинин төрагасы К.Кадыров тапшырышты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17