Аймак

  ТҮРК ТҮШҮНҮГҮНҮН ТАБЫШМАГЫ

  ТҮРК ТҮШҮНҮГҮНҮН ТАБЫШМАГЫ

 2,246 Бардыгы /

     Түрк чоң, зор, кубаттуу, күчтүү, башкача айтканда “Баатыр” деген маанидеги түшүнүк.

    Түрк түшүнүгү – Хангар (бузулуп аталышы Кангай Ы.А) тоосунун атына байланыштуу келип чыккан аталыш. Мында Түрк ысымдагы тирүү-жашап өткөн тарыхый инсан болгон эмес дегенди түшүндүрөт.

     Эми ушул көз карашка далил келтирели.

     Геродоттун пикири боюнча:- ” аморга скифтери-Сактар деп аталат”.

    Геродоттун заманындагы Геланиктин айтуусунда:- ” аморга сактары өздөрү жашаган жерлердин аттары боюнча аталат”- деген маалымат бар.

    Азыр деле Кыргыз баласынан түбү-тегин кайдан деген суроого Оштук, Нарындык, Алайлык, Таластык, Өзгөндүк, Кыргызстандык деп туулган жашаган жеринин, Ата Журтунун, өлкөсүнүн аталышын айтат.

     Туулган жеринин аталышына байланыштуу- Ошбай, Нарынбек, Алайбек, Таласбай, Өзгөнбай, Кыргызбай жана башка ысымдар жаралган.

    Байыркы кыргыздардын алгачкы жашаган жерлеринин биринин аталышы Хангар болгон. Хангар сөзү бузулуп жазылуудан, балким атайын бурмалоодон (Кангюй, Кангылы, Канлы, Кайлы жана башка болуп) жердин аталышы Кангайга, анда жашаган эл Кандыга айланган?!

    Хангар сөзү-эки түшүнүктөн турат:- Хандардын бир мааниси- Түрк; Хангардын экинчи түшүнүгү- Баатыр.

      Н.А.Аристовдун:- ” Усундар жана Кыргыздар же Кара Кыргыздар” аталыштагы эмгегинде:- “По мнению Наймана истное имя народа, который Китайцы называли Кангюй и Канглы (Канды) есть Хангар , так как Османские тюрки и теперь ещё тюрков и монголов Средней Азии называют Хангар, и это же имя по Константину Порфиродному  давались храбрейшим  между Печенагами деп жазган.

(Китептин 122 -бетинде).

    Осмон түрктөрү болжолу 1300 жыл мурда  журтка байланыштуу жаңы жерлерди ээлөө максатында Хангар жеринен ооп кеткен Кыргыздын Канды (туура аталышы Хангар -Түрк. Ы.А) уруусунун урпактары болушат?!

    Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда Туркия өлкөсүнөн келип катышкан маданият министринин орун басары сүйлөгөн сөзүндө:-“Биздин эне жаатыбыз Туркия, Европа тараптан, ал эми түпкү ата -тегибиз Кыргыз деген.

   Бул факт дагы жер атынан Түрк аталган эл Кыргыздын урпагы экендигинин далили боло алат.

   Кытайлык кыргыз профессор Макелек Өмүрбай уулунун Кытай жазма тарыхынан которгон маалыматында :- “Кыргыз түбүндө күчтүү мамлекет болгон, түрк тектүү элдерди кураган” деп жазган.

   Жердин Хангар аталышына байланыштуу Кыргыз (Угус) хан атанын урпактары Түрк эли катары дүйнө элдерине белгилүү болушкан. Ошол себептен кыргыздын тукумдарын “Түрк тектүү элдер” деп дүйнө тарыхчылары  жазышкан .

     Ар бир нерсени өз аты менен атаган туура.

     Түрк тектүү, түрк тилдүү элдердин түпкү дүмүрү Кыргыз.

   Түпкү атасы Кыргыз болгондон кийин Кыргыз тили эң алгачкы тил, ал эми Кыргыз тилине жакын сүйлөгөн элдердин тилдери Кыргыз тилинин негизинде келип чыккан тилдер!

   Биз Кыргыздар “Кыргыз тектүү элдер“, “Кыргыз тилдүү элдер”  деп айтуудан жана жазуудан уялышыбыз керек!

                                                                                   Ага биз милдеттүүбүз!

    Ырысбек АКУМБАЕВ,

    Көк-Арт өрөөнү

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17