Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
969 Бардыгы / Жалал-Абад областык капиталдык курулуш департаменти тендер маселеси боюнча жеке ишкер менен соттошуп жатышат. Бул маалыматты департаменттин юристи да тастыктап, сот иштери башталганына бир жылдын жүзү болуп калганын, процесс улам жылдырылып, создугуп жатканын кошумчалады. Ал эми жеке ишкердин айтымында, таза эмес өткөн тендердин айынан капиталдык курулуш департаментинин үстүнөн арызданууга мажбур болгон. Тендер системасынын начардыгынан […]
970 Бардыгы / Жалал-Абад областык капиталдык курулуш департаменти тендер маселеси боюнча жеке ишкер менен соттошуп жатышат. Бул маалыматты департаменттин юристи да тастыктап, сот иштери башталганына бир жылдын жүзү болуп калганын, процесс улам жылдырылып, создугуп жатканын кошумчалады. Ал эми жеке ишкердин айтымында, таза эмес өткөн тендердин айынан капиталдык курулуш департаментинин үстүнөн арызданууга мажбур болгон. Тендер системасынын начардыгынан […]
КАПИТАЛДЫК КУРУЛУШ ДЕПАРТАМЕНТИ ЖЕКЕ ИШКЕР МЕНЕН СОТТОШУП ЖАТАТ
01.11.2019 / Автор aymak971 Бардыгы /
Жалал-Абад областык капиталдык курулуш департаменти тендер маселеси боюнча жеке ишкер менен соттошуп жатышат. Бул маалыматты департаменттин юристи да тастыктап, сот иштери башталганына бир жылдын жүзү болуп калганын, процесс улам жылдырылып, создугуп жатканын кошумчалады.
Ал эми жеке ишкердин айтымында, таза эмес өткөн тендердин айынан капиталдык курулуш департаментинин үстүнөн арызданууга мажбур болгон. Тендер системасынын начардыгынан коррупциясыз иштейм деген жеке ишкерлер ирээнжип жаткандыгын билдирди.
-Биз алгач Базар-Коргон районундагы мектептин спорт залын куруу үчүн жарыяланган тендерде биринчи орунду алганбыз. Бирок, курулушту бизге бербей башка компанияга берип коюшуптур. Анан борбордогу мамлекеттик сатып алуулар агентигине арыз менен кайрылдык. Алар карап чыгып, биз тарапка чечип берди. Ошентип спорт залды бүтүрүп, ачылышына премьер министр өзү катышкан. Кийин ошол эле айыл өкмөттөгү дагы бир мектептин курулушуна тендер жарыяланды жана бул ирет да мурдагыдай учур кайталды. Сотко кайрылууга аргасыз болдук. Азыр сот биздин гана документтерди текшерип жатат. Тендерди сатып алганбы, сотторду да сатып алганбы деген күмөндүү ойлор жаралып жатат. Бир жылдан бери сот иштери аягына чыкпай келет, – дейт “Ай-Строй” курулуш компаниясынын түзүүчүсү Козим Хамурзаев.
Жалал-Абад областык курулуш департаментинен “Алар сотко кайрылгандан кийин 1-инстанция биз тарапка чечип берген. Кийин алар дагы жогорку сотко кайрылып, 2-инстанцияда мурдагы чечимди жокко чыгартып, кайра кароого жөнөттүрдү. Ошентип азыр областык сотто процесс уланып жатат. Бизде ишибиз так жана туура болгондугу тууралуу жетиштүү документ, фактылар бар” деп билдирдишти.
Эске сала кетсек, аталган каптиалдык курулуш департаменти област аймагындагы бардык республикалык бюджеттен каржыланып курулуучу курулуштардын ишин жүргүзөт
Роза Акматжан кызы “Аймак”
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
26.04.2023 / Автор anarkan_kg ЖО БАЙДЕН ЭКИНЧИ МӨӨНӨТКӨ АТ САЛЫШАТ
-
03.05.2023 / Автор anarkan_kg МЕКТЕПТЕР АРАЛЫК СПАРТАКИАДА ӨТҮҮДӨ
-
23.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭАУнун 30 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН МААРЕКЕЛИК ИШ-ЧАРАЛАР
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.