Аймак

Урбукан БАРКЫБАЕВА: “ЖОЛДОШУМ ҮЙДӨ ДА МИЛИЦИЯ”

Урбукан БАРКЫБАЕВА: “ЖОЛДОШУМ ҮЙДӨ ДА МИЛИЦИЯ”

 1,153 Бардыгы /

Кыргыз милициясына 95 жыл

Быйыл Кыргыз милициясынын 95 жылдыгы. Ага ылайык “Аймак” редакциясы күчтүү эркектин артында андан да күчтүү аял турат – деген сөзгө таянып, милиция кызматкерлеринин жубайларынан маек алууну туура көрдү. Анткени бул тармакта иштегендердин жубайы болуу канчалык жоопкерчиликтүү, ошол эле учурда оор экени аларга гана маалым. Мына ушундай түйшүктүү кызматын баалап, быйыл милиция кызматкерлеринин жубайларына ИИМ атайын медаль да ыйгарып келүүдө. Биздин кезектеги каарманыбыз Урбукан Баркыбаева да аталган медалга ээ болуп, сыймыктанып жүргөнүн баса белгилеп айтты. 

Урбукан БАРКЫБАЕВА: “ЖОЛДОШУМ ҮЙДӨ ДА МИЛИЦИЯ”

-Менин жолдошум Аззам Ниязбаев кесиби боюнча мугалим болчу. Кичинесинен спортко кызыккан адам болгондуктан институтту бүткөндөн кийин милиция болуп, орган тармагына аралашып кеткен. Ошондон бери 30 жыл ушул тармакта иштеп, учурда сый-урматы менен ардактуу эс алууда. Пенсияга чыкса да Сузак районунун мектептеринин арасында спорттук иш-чараларды азыркы күнгө чейин уюштуруп келет. Милиция тармагынан пенсияга кеткенден кийин областта ардагерлер кеңешинин төрагасы, институттан алган дипломум жөн калбасын деп мектепте мугалим, соцпедагог болуп иштеди. Ден соолугуна байланыштуу эки жылдан бери үйдө. Эл арасында жана коллективинин катарында кадыр-баркы жогору инсан.

Жолдошум экөөбүздүн бир уул, бир кызыбыз, он неберебиз бар. Уулубуз атасын тартып милиция, кызыбыз менин жолумду жолдоп мугалим. Мен өзүм Жалал-Абад шаарына караган №16 мектепте орус тилинен сабак берем.

Чындыгында жолдошум менен сыймыктанабыз. Ал үйдө да милиция (күлүп) жана жакшы кожоюн. Өзү бардык нерсеге жоопкерчиликтүү болгондуктан “так иштегиле, так жүргүлө” – деп баарыбызды тактыкка чакырып турат. Анын мынчалык кадыр-баркка ээ болушуна кайненемдин да таасири чоң. “Балам, бирөөнүн бир сомун алба” – деп көп айткандыктан жолдошум ошол принципте иштеди. Мага дагы “Ээ кемпир, эмне кыласың, эч нерсенин кереги жок. Акча баарын чечпейт. Андай нерселерден алыс болсом менин жүрөгүм оорубайт, тынч уктайм” – деп кызматын туура эмес пайдаланбай иштеди. Айылда да кадыры бийик, “Аззам акедей милициялар болгондо биздин мамлекет башкача болуп кетет эле” – дешип, менин өзүмө деле “Сиз ошол кишини сыйлаңыз” – деп канчасы айтышат.

Булар ушунчалык ишине жоопкерчиликтүү экенине таң калам. Бирде жолдо баратсак, көчөдө мушташ болуп жатыптыр. Аззам машинаны токтотту дагы “Сен түш, бул жагына жөө кете бересиң” деп мени көчөгө таштап, мушташкан балдарды салып УВДга алып кеткен.

Мурун жаңы ишке киргенде мени Ошто УВДга чакырып, “Күйөөң милицияга ишке кирип жатат, бир күн келбей калат, эки-үч күн келбей иш менен ууруну да кубалап кетип калат. Ошондо жаңжал кылбайсыңбы?” – деп арыз жаздырган. Макул болуп, кол коюп бергенбиз.

Чындыгында милициянын аялы болуш да оор. Ошондой болсо да ар дайым кызматын түшүнүп, жубайы катары колдоп эле келдик. “Сенин колдооң менен жеттим, медалдын жарымы сеники”– деп алган сыйлыктарын айтып жубатып койчу. Анан жакында эле “азыр келип калыңыз” деп балам чакырып калды. “Эмне болду?” десем, “билбейм, келе берсеңиз” – дейт. Ошол убакта шаарда сиңдимдин үйүндө болчум. Келсем ушундай “Офицердин жубайы” деген ИИМдин медалын жалпы курамдын алдында тагышты. Бизди да эстей тургандар бар экен деп  сүйүнүп, бир жагынан сыймыктанып калдык.

Милициянын аялы болуу кыйын. Бул түндө турса түндө, эрте турса эрте турабыз. Эми түндө вызов болуп калса, чогу туруп, бардык керектүү буюмдарын даярдап беребиз. Кийимдерин күндө эрте менен үтүктөйт элек. Жаш баладай карап, тамагын берип, ишке узатчубуз. Ардагер болгондон бери үтүктөбөй калдым (күлүп).

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17