Аймак

КЫРГЫЗ МИЛИЦИЯСЫНА 95 ЖЫЛ

КЫРГЫЗ МИЛИЦИЯСЫНА 95 ЖЫЛ

 3,447 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. 1-ноябрь Кыргыз милициясынын түптөлгөндүгүнүн 95 жылдык мааракесине арналып, борбордук аянтта гарнизондук саптык тизим өттү.

Бул иш-чарага Жалал-Абад ОИИБнин борбордук аппараты, КРнын ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун өзүнчө ротасы, Жалал-Абад ОИИБнын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасы, КРдин ИИМдин Ички аскерлеринин 704 аскер бөлүгү, Жалал-Абад ОИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун кѳзѳмѳлдѳѳ бѳлүмү, Тез чара көрүү бөлүмү, Жалал-Абад шаардык ички иштер бѳлүмү жана Жалал-Абад шаарынын мамлекеттик атайын күзѳт кызматынын ѳздүк курамдары катышты.

Иш-чара Барпы театрында улантылып, 95 жылдык маараке жана милиция кызматкерлеринин кесиптик күнү салтанаттуу белгиленди. Коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен кызматкерлер медаль жана Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Жалал-Абад ОИИБнын начальниги Кылыч Жолдошев өлкө аймактарында туруктуулукту, тынчтыкты камсыз кылууда, түн уйкудан калып кызмат кылган милиция кызматкерлеринин мээнети зор экенин белгиледи.

“Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгында миңден ашуун кызматкер кызмат өтөп жатат. Ички иштер министрлигинин, Өкмөттүн бизге койгон милдеттерин област аймагында так аткарып, элибиздин коопсуздугун сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө алгылыктуу иштер жүрүүдө. Кызматкерлерибиздин жашоо шартын жогорулатуу үчүн мамлекеттин камкордугун сезип жатабыз. 2020-жылдын январь айынан тартып, айлык маяналар буйруса көбөйтүлөт. Айлык акы көбөйүү менен биздин кызматкерлер дагы да талыкпай эмгектенишет деп ишенем” – дейт К.Жолдошев.

Кошумчалай кетсек, Кыргыз милициясы Кара-кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетинин чечиминин негизинде 1924-жылдын 1-ноябрында түзүлгөн.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17