Аймак

ТРАМП ЗЕЛЕНСКИЙ МЕНЕН ТЕЛЕФОНДУК СҮЙЛӨШҮҮСҮН АЧЫККА ЧЫГАРГАН АДАМДЫН АТЫ-ЖӨНҮН ЖАРЫЯЛООГО ЧАКЫРДЫ

ТРАМП ЗЕЛЕНСКИЙ МЕНЕН ТЕЛЕФОНДУК СҮЙЛӨШҮҮСҮН АЧЫККА ЧЫГАРГАН АДАМДЫН АТЫ-ЖӨНҮН ЖАРЫЯЛООГО ЧАКЫРДЫ

 834 Бардыгы /

АКШнын президенти Дональд Трамп украин лидери Владимир Зеленский менен телефондук сүйлөшүүсүн ачыкка чыгарган атайын кызмат өкүлүнүн аты-жөнүн жарыялоого чакырды. Бул сүйлөшүүнүн мазмуну Конгрессте президентке импичмент жарыялоо ыктымалдыгы боюнча тергөөнүн башталышына негиз болгон.

Жекшемби күнү журналисттер менен сүйлөшкөн Трамп анонимдүү информатор мурдагы президент Барак Обаманын кадры, Борбордук чалгын кызматынын экс-башчысы Жон Бреннандын «кишиси» экенин жана ал берген маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Трамп буга чейин информатор менен Өкүлдөр палатасындагы демократтар Зеленский экөөнүн ортосундагы телефон сүйлөшүүсүнүн мазмунун бурмалашканын билдирген. Президент сүйлөшүү маалында демократтар айтып жаткандай «кийинки жылкы шайлоодогу ыктымал атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байдендин Украинадагы ишмердиги иликтенбесе, Киевге аскердик жардам токтотулат» деп айтпаганын белгилөөдө. Бирок Өкүлдөр палатасындагы жабык угуулар маалында айрым аткаминерлер аскердик жардам Украинаны Трамптын шарттарын аткартуу үчүн токтотулган болушу мүмкүн деген божомолдорун айтышкан.

Жекшемби күнү информатордун адвокаты ал Конгресстеги республикачылардын суроолоруна жооп берүүгө даяр экенин билдирди. Ошол эле маалда ал коопсуздук максатында маалымат берген адамдын аты-жөнү ачык айтылбашы керектигин белгиледи.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17