Аймак

ДУШАНБЕДЕ КУРУЛУП ЖАТКАН МЕЙМАНКАНАДАН ӨРТ ЧЫКТЫ

ДУШАНБЕДЕ КУРУЛУП ЖАТКАН МЕЙМАНКАНАДАН ӨРТ ЧЫКТЫ

 869 Бардыгы /

4-ноябрда эртең менен Душанбеде «Сомониён» мейманканасынан өрт чыкты. Жабырлануучулар жок. Өрттүн чыгышына эмне себеп болгону иликтенүүдө

«Сомониён» мейманканасы он үч жылдан бери курулуп бүтө элек. Буга чейин Тажикстан парламенти объектини бажы жана башка төлөмдөрдөн бошоткон.

«Азия плюс» маалымат агенттиги кабарлагандай, мейманкананы Тажикстан президентинин аткаруучу аппараты салдырууда. Курулуш иштерин «Исмоили Сомони – 21-кылым» компаниясы жүргүзүүдө. «Сомониён» мейманканасын курууга 30 миллион доллар бөлүнгөн.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17