Аймак

ТАЖИК-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫНДАГЫ КОЛ САЛУУДА 17 КИШИ ӨЛДҮ

ТАЖИК-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫНДАГЫ КОЛ САЛУУДА 17 КИШИ ӨЛДҮ

 1,665 Бардыгы /

Тажик-өзбек чек арасындагы чек ара тозотундагы ок атышуудан тажикстандык чек арачы менен милиция кызматкери окко учту. Мындан тышкары чабуул жасаган 15 кол салуучу өлтүрулдү, алар беткапчан болгон.

Чек ара тозоту Душанбе шаарынан 60 чакырым аралыктагы Рудаки районунун аймагында жайгашкан. Ага 20 киши кол салган. Окуя 6-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат үчтө болгон.

Тажикстан Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети кол салуучуларда беш даана Калашников автоматы болгонун билдирди. Тажикстан ИИМи операциянын жүрүшүндө бул топтун төрт автоунаасы толугу менен талкаланганын маалымдады. Кылмыштуу топтун 15 мүчөсү жок кылынган, бешөө кармалган.

Бийлик кол салуучулардын тек-жайы тууралуу маалымат берген жок. Операция учурунда окко учкан чек арачы менен милиция кызматкеринин аты-жөнү да атала элек. Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Бул окуядан кийин Душанбе жана анын айланасындагы аймактарда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Күч түзүм кызматкерлери коомдук жайларды кайтарып, көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде терезеси караңылатылган автоунаалар тыкыр текшерүүдөн өтүүдө.

Кол салуу Тажикстан президенти Эмомали Рахмон жана 20дай министр расмий сапар менен Европада жүргөндө болду. Сапар 12-ноябрда аяктайт.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17