Аймак

КАЗАКСТАНДА ӨКМӨТТҮ КӨК-ЖАЙЛОО ӨЗӨНҮН САКТАП КАЛУУГА ЧАКЫРЫШУУДА

КАЗАКСТАНДА ӨКМӨТТҮ КӨК-ЖАЙЛОО ӨЗӨНҮН САКТАП КАЛУУГА ЧАКЫРЫШУУДА

 903 Бардыгы /

Казакстанда «Зеленое спасение» экологиялык коому өкмөттү Алматыга жакын жайгашкан Көк-Жайлоо өзөнүн Иле-Алатау улуттук паркына кайтарып берүүгө чакырууда.

Маалыматка караганда, учурда Көк-Жайлоо өзөнү курулуш жана тоо-лыжа курорту үчүн бериле турган жерлердин категориясында турат. Активисттер өзөндө курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салып, жер кыртышын рекультивациялоого үндөшүүдө.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев октябрда 16 жылдан бери талаш жаратып келген Көк-Жайлоо өзөнүндө тоо-лыжа курортун курууга тыюу саларын билдирген.

«Зеленое спасение» коомдук уюму президенттин билдирүүсүн колдой турганын, бирок өзөндү жана Иле-Алатау улуттук паркын сактоо үчүн бир катар чараларды кабыл алуу керектигин белгилейт.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17