Аймак

ТҮРКМӨН ПРЕЗИДЕНТИНИН УУЛУ БАШКАРГАН АЙМАК ПАХТА ЖЫЙНОО ПЛАНЫН БИРИНЧИ АТКАРДЫ

ТҮРКМӨН ПРЕЗИДЕНТИНИН УУЛУ БАШКАРГАН АЙМАК ПАХТА ЖЫЙНОО ПЛАНЫН БИРИНЧИ АТКАРДЫ

 847 Бардыгы /

Түркмөнстанда президенттин уулу Сердар Бердымухамедов башкарган Ахал облусу пахта терүү планын биринчи болуп аткарды. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады.

31-октябрда «Азаттыктын» түркмөн кызматы өз булактарына таянып, быйыл өлкөдө пахта терүү боюнча мамлекеттик план аткарылбай жатканын билдирген. Мындан тышкары айрым жетекчилерге президенттин уулу башкарган Ахал облусу сөзсүз түрдө планды аткарышы керектиги тууралуу буйрук берилгени кабарланган.

Turkmen.news басылмасы 22-октябрга карата Ахал жана Мары облустарында пахта терүү планы 40% аткарылганын билдирген. Августта айыл чарба тармагындагы кызмат адамдарына планды биринчи аткарып бүтүү үчүн Ахал облусуна жардамдашуу буйругу берилгени кабарланган. Мындан көп өтпөй башка аймактын жашоочулары Ахал облусундагы пахта аянттарына жөнөтүлө баштаган.

Быйыл буудай жыйноо планын дагы Сердар Бердымухамедов жетектеген Ахал облусу биринчи болуп аткарган. Түркмөн өкмөтүндөгү өз булактар кабарлагандай, бул үчүн Ахалга Мары, Лебап жана Балкан облустарынан шашылыш түрдө комбайндар жеткирилген.

Ахал облусунун 37 жаштагы жетекчиси Сердар Бердымухамедов өлкө башчынын жалгыз уулу. Акыркы эки жылдын ичинде ал парламент депутаты болуп шайланып, Тышкы иштер министрлигинде жогорку кызматтарды аркалаган. Беш ай мурда Ахал облусунун жетекчиси кызматына дайындалган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17