Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА КАТТООГО ТУРУУ ТАРТИБИН БУЗГАН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨР ҮЧҮН АЙЫП ПУЛ 10 ЭСЕ ТӨМӨНДӨТҮЛДҮ

ӨЗБЕКСТАНДА КАТТООГО ТУРУУ ТАРТИБИН БУЗГАН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨР ҮЧҮН АЙЫП ПУЛ 10 ЭСЕ ТӨМӨНДӨТҮЛДҮ

 826 Бардыгы /

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Кылмыш кодекси менен Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске киризилген өзгөртүүлөргө кол койду.

Ага ылайык, Өзбекстанда жүрүү тартибин бузган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок кишилер үчүн айып пулдун көлөмү 10 эсе төмөндөтүлдү. Буга чейин Өзбекстанда жүрүү тартибин бузгандар 67 доллар айып пул төлөсө, экинчи жолу бузгандар үч жылга чейин эркинен ажыратылып келген.

Өзбекстанда туристтер үч күн ичинде жергиликтүү милиция бөлүмүндө каттоого турушу керек.

Былтыр жай айынан бери Өзбекстанга бир айга чейинки мөөнөткө келгендер үчүн эреже бираз жеңилдетилген. Алар электрондук түрдө Emehmon каналы аркылуу каттоого туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

Бирок бул өлкөгө узак мөөнөткө келгендер үчүн мурдагыдай эле көптөгөн документтер талап кыланат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17