Аймак

МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫН РЕКТОРЛУККА ШАЙЛАШТЫ

МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫН РЕКТОРЛУККА ШАЙЛАШТЫ

 1,182 Бардыгы /

Түштүктөгү жогорку окуу жайлардын флагманы Ош мамлекеттик университети көптөн бери ректорсуз калган. Ошондуктан, бул ЖОЖдун жетекчиси акыры шайланды.

ОшМУнун ректорлугуна төрт талапкер – баары тең доценттер ат салышты. Кудайберди Кожобеков, 1975-жылы туулган. Учурда ОшМУнун ректорунун милдетин аткарып жаткан. Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент. Иш тажрыйбасы 22 жыл. Буга дейре Билим берүү жана Илим министирин орун басары кызматын абийирдүү аркалаган. Бибигүл Кошоева. 1972-жылы туулган. Доцент. Иш тажрыйбасы 16 жыл. Алтынбек Зулпукаров. 1972-жылы туулган. Кыргыз-Өзбек университетинин проректору, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент. Иш тажрыйбасы 23 жыл. Шайымбек Эгембердиев. 1967-жылы туулган. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин окутуучусу.

– ОшМУнун ректорун шайлоого жалпысынан 1594 мугалим катышып, мунун ичинен 1532си Кудайберди Кожобековдун талапкерлигин колдоп гана добуш беришти. Добуш берүү урнага бюллетень таштоо жолу менен жүргүзүлдү. А буга дейре бардык талапкерлерге тең шарттар жаратылып, алар ЖОЖдун бардык факультеттеринде эмгек жаматтары менен жолугушуп, программаларын жайылтканга ыраса аракеттеништи. Эң башкысы: бул сапар адаттагыдай административдик ресурстар дээрлик колдонулган жок! – деди ОшМУНун ректорун шайлоо комиссиясынын төрагасы, Билим берүү жана Илим министринин статс-катчысы Жапаркул Ташиев кабарчыбызга.

Ал эми жаңыдан ишке киришкен ОШМУнун ректору Кудайберди Кожобеков окуу жайдагы реформалар мындан ары дагы ыраттуу түрдө улантылаарын, мында ички жана тышкы мүмкүнчүлүктөр кеңири пайдаланылаарын катуу убадалады: – Көз тийбесин, ОшМУда Кыргыз Мамлекеттик  Улуттук университетине караганда дагы көбүрөөк студенттер окушат. Болгондо дагы Жер Шаарынын чар тарабынан бизге агылып тапшыргандар арбыды.  Ошондуктан, билим сапатын ого бетер жакшыртууга жана ЖОЖдун кадырын Эл аралык даражада мындан дагы арттырууга абдан катуу аракет жасаймын. Ушинтип биздин бүтүрүүчүлөрдү чет өлкөгө жөнөтүүгө өзгөчө көңүл бурамын! Албетте, мындай жөрөлгө өлкөбүздүн экономикалык кудуретин көтөрүүгө дагы сөзсүз пайдасын тийгизээри анык.

Кудайберди КОЖОБЕКОВ 1975-жылы 30-декабрда туулган. ОшМУнун физика-математика факультетин аяктаган. Эмгек жолун ушул эле университетте баштаган. Физик-математика илимдеринин кандидаты, доцент. ОшМУда проректор болуп иштеп жүрүп, Билим берүү жана Илим министрлигинин орун басарлыгына көтөрүлгөн. Аталган окуу жайдын мурдагы ректору Каныбек Исаков Билим берүү жана илим министри болуп дайындалганына байланыштуу ОшМУнун ректорунун орду кыйладан бери бош турган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

           

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17