Аймак

«БАЛДАРГА ЖАНА ЖАШТАРГА ЖАГЫМДУУ КЫРГЫЗСТАН» УЛАНУУДА

«БАЛДАРГА ЖАНА ЖАШТАРГА ЖАГЫМДУУ КЫРГЫЗСТАН» УЛАНУУДА

 2,612 Бардыгы /

«Балдарга жана жаштарга жагымдуу Кыргызстан»  долбоору кайрадан старт алды. Аталган долбоор боюнча Сузак районунун 5 айыл аймагында жарым күндүк тренинг өткөрүлдү.

Багыш, Курманбек, Ырыс, Таш-Булак жана Кызыл-Туу айыл аймактарынын жаштары “Көйгөйлөрдүн дарагы”, “ Өнөктөштөрдүн картасы” – ыкмаларын үйрөнүп, өздөрү жашаган аймактардагы көйгөйлөрүнүн себептерин жана кесепеттерин аныктап, кызыктар тараптарын изилдеп баштады. Азыркы баскычта жаштар өздөрүнө топ чогултуунун үстүндө иштеп жатышат.

Эскерте кетсек, «Балдарга жана жаштарга жагымдуу Кыргызстан»  Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 2 жылдан бери Борбордук Азиядагы IDEА жана БУУнун Балдар фонду (UNICEF) менен биргеликте иш жүргүзүп келүүдө.

Демилгенин максаты, балдардын жер-жерлердеги актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүдө тең өнөктөш катары иш-аракет жүргүзүүдөгү мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу болуп саналат.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17