Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА «ЫРАЙЫМДУУЛУК» БОРБОРУ МАЙЫП АЯЛДАРДЫ МӨӨНӨТҮ ӨТКӨН ДАРЫЛАР МЕНЕН ДАРЫЛООГО АЙЫПТАЛУУДА

ӨЗБЕКСТАНДА «ЫРАЙЫМДУУЛУК» БОРБОРУ МАЙЫП АЯЛДАРДЫ МӨӨНӨТҮ ӨТКӨН ДАРЫЛАР МЕНЕН ДАРЫЛООГО АЙЫПТАЛУУДА

 919 Бардыгы /

Бухара шаарындагы майып аялдардын «Ырайымдуулук» интернатында бейтептарга мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер берилгени айтылууда.

«Ырайымдуулук» интернатында 250 аял дарыланат. Алардын көбү психикалык оорулар менен жабыркагандар. Интернатта 157 медайым жана санитар эмгектенет.

Атын атагысы келбеген медайымдардын айтымында, интернатта жылдар бою дары-дармектер уурдалып, бейтаптардын тамак-ашына, кийим-кечесине көңүл бурулган эмес. Көптөгөн арыздануулардан кийин облустук саламаттык сактоо башкармалыгы текшерүү жүргүзгөн, бирок негизги күнөөкөрлөр жоопко тартылган жок.

“Азаттыктын” өзбек кызматына кайрылган кызматкерлер бул үчүн интернаттын башкы медайымын күнөөлөшүүдө:

– Документтерде үч бейтаптын карылыктан жана оорудан өлгөнү жазылган. Бирок аларга жарамдуулук мөөнөтү өтүп кеткен дарылар берилген. Биз алар ушул себептен өлгөн болушу мүмкүн деп эсептейбиз.

Маалыматка караганда, «Ырайымдуулук» үйүнүн мурдагы директору кызматынан алынганы менен Камкорчу кеңештин төрагасы катары азыркыга чейин интернатты башкарууда.

Интернаттын азыркы директору Алимардон Бобоев бул боюнча “Азаттыктын” өзбек кызматынын суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17