Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
2,176 Бардыгы / Алай районундагы Корул айыл өкмөтүнө караштуу Арал, Кең-Жылга, Тогуз-Булак, Биринчи Май айылдарында таза суу бүгүнкү күндө дагы эле чоң баш оорутмага айланган чагы. Жергиликтүүлөр бир-эки чакырым алыстыктагы дарыянын, ошондой эле арыктын суусун атчан, эшекчен жана жөө-жалаңдап ташып гана ичип келатышат. – Мен эс тарткандан бери биз сууну тээ алыстан ташып ичебиз. Анысы дагы […]
2,177 Бардыгы / Алай районундагы Корул айыл өкмөтүнө караштуу Арал, Кең-Жылга, Тогуз-Булак, Биринчи Май айылдарында таза суу бүгүнкү күндө дагы эле чоң баш оорутмага айланган чагы. Жергиликтүүлөр бир-эки чакырым алыстыктагы дарыянын, ошондой эле арыктын суусун атчан, эшекчен жана жөө-жалаңдап ташып гана ичип келатышат. – Мен эс тарткандан бери биз сууну тээ алыстан ташып ичебиз. Анысы дагы […]
АЛАЙЛЫКТАР ТАЗА СУУГА ЗАР!
11.11.2019 / Автор aymak2,178 Бардыгы /
Алай районундагы Корул айыл өкмөтүнө караштуу Арал, Кең-Жылга, Тогуз-Булак, Биринчи Май айылдарында таза суу бүгүнкү күндө дагы эле чоң баш оорутмага айланган чагы. Жергиликтүүлөр бир-эки чакырым алыстыктагы дарыянын, ошондой эле арыктын суусун атчан, эшекчен жана жөө-жалаңдап ташып гана ичип келатышат.
– Мен эс тарткандан бери биз сууну тээ алыстан ташып ичебиз. Анысы дагы дарыядан, же арыктан аккан саркынды жана жалаң кир суулар. Айлабыз таптакыр куруганда, ушуну дагы эптеп тундуруп анан гана тиричилигибизге жаратабыз, – деп тызылдады Алай районундагы Корул айыл өкмөтүнө караштуу Биринчи Май айылынын тургуну Айтпай Жээналиев.
– Эми гана таза суунун куурларын Биринчи Май айылына моминтип тартып жатышат. Мунусу дагы качан ишке киргизилет, али белгисиз? Мындан тышкары эки жүз түтүнү баш кыштакта бала бакчабыз дагы жок. Ал эми мектебибизди деле көрдүңүздөр. Түртсөң, кулаганы араң турат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги «Пайдаланууга, балдарды окутканга таптакыр жарыксыз!» деген корутундуну дагы колдоруна карматып, абдан катуу эскертишкен. Анткени, бул агартуу мекемеси 2000-жылы ашар ыкмасында эптеп эле курулуп, шашылыш бүткөрүлгөн. Айтор, биздин айлыбызда көйгөйлөр көп. Чыгынып, чечейин деген гана жетекчи жок!
Ал эми Алай районундагы Кең-Жылга айылынын отуз чакты үй-бүлөсү жетиштүү акча чогултуп, тоо боорундагы булактан желим түтүктөр аркылуу таза суу тартып келишкен. Тилекке аршы, а дагы бир жылга жетпестен эле таптакыр акпай калды.
– Биз дагы сууну тээтигил сайдан унаа менен, же жөө ташып ичебиз. Бирок, ал дагы күн жаап, селге айланганда, аябай эле булганат. Аргасыздан идиштерге куюп тундуруп атып гана урунабыз. Мал дагы, кишилер дагы дал ушул кир суудан гана ичишет. Ошондуктан, ичеги-карын дартына кабылгандар айлыбызда улам арбып баратат. Убалыбыбызды ойлогон Өкмөт жок! – деп ыйлактады Алай районундагы Кең-Жылга айылынын аксакалы Эсен Эргешов.
Аталган төрт айылда таза суу ушул тапта аябай эле кендирди кесип жаткандыгын Алай районундагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Жыргалбек Аскарбек уулу дагы танган жок. Бирок, эмдиги жылы бул кыштактар жүз пайыз таза суу менен камсыз этилээрин дагы катуу убадалады.
– Жашырып не. Алай районундагы Корул айыл өкмөтүнө караштуу Арал, Кең-Жылга, Тогуз-Булак, Биринчи Май айылдарында таза суу абдан эле чоң көйгөй. Ошондуктан, бейөкмөт уюмдун таза суу долбооруна ылайык 69 миллион 300 миң сомдук тендер өткөрдүк. Быйыл августта а түгүл келишим дагы түздүк, – деди Алай районундагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Жыргалбек Аскарбек уулу.
– Планга ылайык жумуш 2021-жылдын март айында бүткөрүлөт деп убадалашкан. Бирок, эмдиги жылда эле таза суу менен камсыз этилесиздер деп бизди сүйүндүрүп жатышат. Ошондо таза суу аталган айылдардын ар бир көчөсүнө, а түгүл ар бир үйдүн короосуна дейре тартылат.
Кыргыз убада бергенге маш эле. Бирок, ишти аткарганга келгенде дайым кетенчиктечү адатабыз бар. Бир жыл, буюрса, эртең эле бүтөт. Ошондо аталган айылдарга таза суу жетпесе, биздин эмес жергиликтүү элдин сурагы абдан катуу болоорун унутпагылачы, алайлык аткаминерлер?
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Алай району
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТОГУ ООРУКАНАДА КҮН САЙЫН 300 ЧАКТЫ АНАЛИЗ ЖАСАЛАТ
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН КАРАМАГЫНА ӨТКӨРҮЛГӨН АЙЫЛДАРДА “ТЕЗ ЖАРДАМ” БЕКЕР АЧЫЛАТ
-
-
12.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН ТЭЦи МЭРИЯНЫН КАРАМАГЫНА ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
26.04.2023 / Автор anarkan_kg «ЧЕК АРАЧЫГА – БИРДЕН КИТЕП» АКЦИЯСЫНДА 4 МИҢГЕ ЖАКЫН КИТЕП ТОПТОЛДУ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.