Аймак

КЫРГЫЗ ЭЛЧИЛИГИ БАТЫРАЛИ СЫДЫКОВГО АРНАЛГАН ТӨГӨРӨК ҮСТӨЛ УЮШТУРДУ

КЫРГЫЗ ЭЛЧИЛИГИ БАТЫРАЛИ СЫДЫКОВГО АРНАЛГАН ТӨГӨРӨК ҮСТӨЛ УЮШТУРДУ

 1,304 Бардыгы /

ТАШКЕНТ. Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Батырали Сыдыковдун жаркын элесине арналган төгөрөк үстөл уюштурду.

Буга улай Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түптөлүшүнүн 75-жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө дагы уюштурулду жана Батырали Сыдыковдун ишмердиги туурасында дагы видео тасма тартууланды. Төгөрөк үстөлдүн ачылышында саламдашуу сөзү менен Кыргызстандын  Өзбекстандагы Элчиси Ибрагим Жунусов сүйлөдү.

Андан соң  Өзбекстандын дүйнөлүк экономика жана дипломатия Университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору Саидмухтар Саидкасымов,Кыргызстандын коомдук ишмери«Курманжан Датка» фондунун төрайымы Жылдызкан Жолдошева, Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аманова, «ӨзбекстанКыргызстан» достук коомунун аткаруучу жетекчиси Зухритдин Исамутдинов жана Өзбекстандын Улуттук Университетинин алдындагы «ЧыңгызАйтматов» борборунун жетекчиси Ахмаджон Мелибоев Батырали Сыдыковдун көп кырдуу инсандыгына токтолушту. Мындан тышкары төгөрөк үстөлдүн жүрүшүндө Батырали Сыдыков жөнүндө эскерүүлөрүн бөлүшүштү. Мындан тышкары Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчиси кызматындагы ишмердигиношондой эле Кыргыз-Өзбек мамилелеринин түптөлүшүндө жана чыңдоодо зор роль аткаргандыгын өзгөчө белгилешти.

Бул иш-чарага Батырали Сыдыков жана анын ишмердүүлүгү менен тааныш Кыргызстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, Өзбекстандын дүйнөлүк экономика жана дипломатия Университетинин окутуучулук курамы, студенттер ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17