Аймак

КЫРГЫЗ ЧОҢДОРУ ЕКАТЕРИНБУРГДА МЕКЕНДЕШТЕРИНИН МУҢ-ЗАРЫН ТЫҢДАШТЫ

КЫРГЫЗ ЧОҢДОРУ ЕКАТЕРИНБУРГДА МЕКЕНДЕШТЕРИНИН МУҢ-ЗАРЫН ТЫҢДАШТЫ

 642 Бардыгы /

ЕКАТЕРИНБУРГ. Орусиянын Екатеринбург шаарында Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын Орусия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Жаркынай Галиева, Консул Нурлан Алымбеков, «ИнсанЛейлек» коомдук уюмунун жетекчиси Гульнара Дербишева Свердлов облусунда эмгектенип жүрүшкөн мекендештери менен жолугушту.

Жолугушуу алкагында коопсуз жана мыйзамдуу эмгек миграциясынын жолдору, иштөө максатында Орусияга жөнөп жатышкан мигранттардын эмгек жана социалдык укуктарын коргоо, чет өлкөгө чыгууга алдын ала даярдоо мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле Кыргызстанда кала турган өспүрүм балдарга карата мыйзамдуу түрдө асыроо тариздөө тууралуу кеңири маалымат жасалды. Консул Нурлан Алымбеков «Мекен-карт» тууралуу, ошондой эле консулдук суроолор боюнча жаңыдан киргизилген бир катар эрежетартиптер жөнүндө баяндады. Акысыз негизде консулдук каттоо,  кээ бир консулдук кызматтар боюнча документтерди алыстан алдын ала тариздөө, автоматташтырылган маалымат тутумун колдонуунун чет өлкөлүк паспортторду даярдоодогу артыкчылыктары жөнүндө маектешти. Мындан тышкары Кыргыз жарандарын Орусияда жүрүү эрежелерин жана бул өлкөнүн мыйзамдарын бекем сактоого,кыргызстандыктар тууралуу жакшы пикир калтырууга салым кошууга үндөштү.

Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын Орусия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Жаркынай Галиева Кыргыз жарандарынын укутарын коргоо ишине кошкон салымын баалоо  ирээтинде бир катар активист кыргыз мекендештерге, ал эми Консул Нурлан Алымбеков жаш мекендештерге спорттогу жетишкендиктери үчүн ыраазычылык каттарын тапшырышты. 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17