Аймак

«КАНИКУЛ» РЕЙДИ ӨТКӨРҮЛДҮ

«КАНИКУЛ» РЕЙДИ ӨТКӨРҮЛДҮ

 659 Бардыгы /

Сузак РИИБнин демилгеси менен 7-8-ноябрь күндөрү «Каникул» рейди өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, азыркы эс алуу учурунда жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында атайын профилактикалык рейди уюштурулган. Рейддин жүрүшүндө атайын каттоодо турган жана соода тармагында эмгектенип жаткан жаш өспүрүмдөр, алардын ата-энелери менен жолугушуулар уюштурулду. Алардын каникул мезгилиндеги абалы жана эс алуу күндөрүн өткөрүү пландары талкууланды. Жаш өспүрүмдөргө милиция кызматкерлери кеп-кеңештерин беришип, кылмыштуулуктан алыс болууга чакырышты.

  

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17