Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТУК КАЗЫЯТЫ ЖАҢЫ ИМАРАТТУУ БОЛДУ

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТУК КАЗЫЯТЫ ЖАҢЫ ИМАРАТТУУ БОЛДУ

 3,186 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. 11-ноябрда Жалал-Абад облустук мусулмандар казыятынын жаңы кеңсеси жана мечити ачылды.

Ачылуу аземге муфтий Максатбек ажы Токтомушев, ЖК депутаты Айнура Осмонова, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору З.Эргешов, Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиев, Жалал-Абад облустук казыятынын башчысы Абдулазиз Закиров, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, шаардын мэри М.Тагаев, район жана шаарлардын имамдары, жергиликтүү тургундар катышты.

Имараттын курулушу 2018-жылдын март айында башталып, ага 100 миң доллардан ашык каражат жумшалган. Эки кабаттуу имарат жыйындар залы менен 7 бөлмөдөн турат. Аны менен катар жаңы мечит дагы салынды.

Кошумчалай кетсек, облус аймагында 634 мечит, 9 медресе бар.

Бүбүсара Орозалиева, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17