Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: ЭЛЕТ ТУРМУШУН ЖАКШЫРТУУГА 1,9 МИЛЛИОН ЕВРО ЖУМШАЛАТ

ЖАЛАЛ-АБАД: ЭЛЕТ ТУРМУШУН ЖАКШЫРТУУГА 1,9 МИЛЛИОН ЕВРО ЖУМШАЛАТ

 1,298 Бардыгы /

Жалал-Абад облусунун жергиликтүү экономикасын өнүктүрүү жана калктын жашоо шартын жакшыртуу аракеттери колго алынууда. Бул багытта аймакта 2022-жылга чейин айыл чарба, туризм жана кайра иштетүү тармактарында колдоо тапкан долбоорлор жүзөгө ашырылат.

“Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү программасынын” алкагында жарыяланган сынакта 8 долбоор жактырылып, ишке ашуу алдында. Ага Европа биримдиги жана Германиянын экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (аткаруучу GIZ) тарабынан каржылык көмөк көрсөтүлүүдө. Бул багытта Бишкек шаарында демөөрчүлөрдүн, облус аймактарын өнүктүрүүдөгү долбоорлору бар бейөкмөт уюмдардын жана район башчыларынын катышуусундагы жыйын өттү. Анда уюштуруучулар тарабынан колдоо тапкан долбоорлор тааныштырылып, ишке ашыруудагы уникалдуулугу менен натыйжалуулугу жөнүндө маалыматтар берилди.

Программанын алкагында “Youth of Osh” коомдук бирикмеси тарабынан Жалал-Абад облусунун туризм тармагын өнүктүрүү долбоору тандалып алынган. Аталган бирикменин аткаруучу директору Акмарал Сатинбаеванын айтымында, облуста туристтик потенциалы бар жайлар көп. Азыркы мезгилде аларды талапка ылайык жарнамалоо жагы да солгун.

-Азырынча өнүккөн өлкөлөр сыяктуу заманбап туристтик жайларыбыз жок болгону менен, өлкөбүздүн четки аймактарында жашаган калктын күнүмдүк жашоо турмушу, аткаруучу жумуштары да сырттан келген туристтер үчүн кызыктуу. Анткени ар аймактын өзгөчөлүктөрү менен коштолгон жашоо образы бар. Биз аларды таанытуу менен улуттук баалуулуктарыбызды жайылтууга да мүмкүнчүлүк түзүлүүдө, – дейт  А. Сатинбаева.

Белгилей кетсек, “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү программасы” Жалал-Абад облусунун элет калкынын ашоо шартын жакшыртууга багытталган. Ал 2018-жылдан 2022-жылга чейин иш алып барып, жалпы бюджети 11,3 миллион еврону түзөт. Каржыланып жаткан долбоорлордун жалпы сметасы 1,9 миллион евро өлчөмүндөгү кайтарымсыз грант

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17