Аймак

КАЗАКСТАН «НАЗАРБАЕВ» РАКЕТАЛЫК КОМПЛЕКСИНЕ 330 МИЛЛИОН ДОЛЛАР БӨЛӨТ

КАЗАКСТАН «НАЗАРБАЕВ» РАКЕТАЛЫК КОМПЛЕКСИНЕ 330 МИЛЛИОН ДОЛЛАР БӨЛӨТ

 1,051 Бардыгы /

Казакстан орус-казак биргелешкен «Байтерек» ракеталык комплексинин курулушуна 330 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Казакстан премьер-министри Аскар Мамин «Байкоңур —дүйнөлүк космонавтиканын бешиги — 2019» форумунда билдирди.

Ал долбоор жакын арада ишке ашарын белгиледи, бирок так мөөнөтүн айткан жок. Мамин «Байкоңур» космодромунда «Гагарин старты» аянтчасын жаңылоо боюнча долбоор иштелип жатканын да кошумчалады. «Интерфакс» маалымат агенттиги орус тараптын демилгеси менен ал аянтчага «Назарбаев старты» атын ыйгаруу пландалып жатканын жазды.

Сентябрда Орусия президенти Владимир Путин «Байтерек» ракеталык комплексин «Назарбаев» деп өзгөртүүнү демилгелеп, Казакстандын мурдагы президенти бул сунушту кабыл алган.

Биргелешкен комплексти куруу келишимине 2018-жылы «Байкоңурда» кол коюлган. Астана менен Москва зыяндуу күйүүчү май колдонгон «Протондордун» ордуна экологиялык жактан таза аппараттарды учурууну пландоодо.

Нурсултан Назарбаев Казакстанды дээрлик 30 жыл башкаргандан кийин быйыл март айында өз эрки менен бийликтен кеткен. Ыйгарым укуктарын ошол кездеги Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген.

Назарбаев «Элбашы» макамын сактап, Казакстандын Коопсуздук кеңешин жана бийликтеги «Нур-Отан» партиясын жетектеп калган. Ал кеткенден кийин борбор калаа Астананын аты Нур-Султан болуп өзгөртүлгөн. Мындан сырткары өкмөт баш калаадагы аба майдандын атын Нур-Султан деп өзгөрткөн.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17