Аймак

ТҮРКМӨНСТАНДА ЖУМУШЧУЛАР ПРЕЗИДЕНТТИН АТЫНАН БЕРИЛЕ ТУРГАН БЕЛЕКТЕРДИ ӨЗДӨРҮ САТЫП АЛЫШТЫ

ТҮРКМӨНСТАНДА ЖУМУШЧУЛАР ПРЕЗИДЕНТТИН АТЫНАН БЕРИЛЕ ТУРГАН БЕЛЕКТЕРДИ ӨЗДӨРҮ САТЫП АЛЫШТЫ

 742 Бардыгы /

Түркмөнстанда пахта терүү планын аткарган ижарачылар менен комбайн айдоочулары чоң телевизорлорду сатып алууга милдеттендирилди.

«Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлагандай, ал телевизорлор Түшүм майрамына карата уюштурулган салтанаттын жүрүшүндө президенттин атынан белек катары кайра өздөрүнө тапшырылат.

Маалыматтарга караганда, акыркы бир жумадан бери бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлер майрамга карата жашылча-жемиштерди жууп, кооз себеттерге салып жатышат. Мындан тышкары жумушчуларга майрамда көрсөтүлө турган тракторлор менен жүк унааларын жууп, сырдоо тапшырмасы берилген.

Түркмөнстанда мамлекет тарабынан уюштурулган майрамдык иш-чаралар телеканалдардан көрсөтүү үчүн алдын ала тартылат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17