Аймак

АРСЛАНБАП: «ЖАҢГАК ФЕСТИВАЛЫ» (сүрөт)

АРСЛАНБАП: «ЖАҢГАК ФЕСТИВАЛЫ» (сүрөт)

 2,429 Бардыгы /

  13-ноябрь күнү Базар-Коргон районундагы Арсланбап айыл аймагында “Жаңгак фестивалы болуп өттү.

Жарманкеге чыккан багбандардын айтымында фестивалга жыл бою даярданышкан.  Анда жаңгактын түрлөрүн, жаңгактан жасалган буюмдар, жангак вареньеси жана майы коюлган.

Ал эми Базар-Коргон райондук маданият кызматкерлери тарабынан чакан программадагы концерт коюлду. Мектеп окуучулары тарабынан табиятты сактоого байланыштуу сахналаштырылган көрүнүштөр, ыр-бийлер тартууланды.

«Фестивалдын негизги максаты токой чарба боюнча түшүндүрүү ишин жүргүзүү. Элге жаңгакты сактоону, пайдасын жана андан кандай продукцияларды өндүрүүгө болорун көрсөтүү. Негизинен токой чарбада иш алып барган мезгилде көп кыйынчылыктарга кезигебиз. Андыктан элди да токойду сактоого үйрөтүү зарыл. Күнүмдүк отун үчүн көп жылдык дарактарды кыюуну токтотуу керек»,-деп билдирди GIZ уюмунун Жалал-Абад облусундагы өкүлү Вера Куитмен.

Ал эми бул фестивалды Базар-Коргон райондук администрациясы, CAMP ALA-TOO коомдук, “Лесик-ЮГ” коомдук экологиялык бирикмеси тарабынан уюштурулган.

Белгилей кетсек, GIZ уюмунун алкагында астында 2014-жылдан бери жаңгак фестивалы уюштурулуп келет.

    

 

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17