Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА НАН ЖАНА УН ҮЧҮН АЗ КАМСЫЗ ҮЙ-БҮЛӨЛӨРГӨ $63 МИҢ ДОЛЛАР БӨЛҮНДҮ

ӨЗБЕКСТАНДА НАН ЖАНА УН ҮЧҮН АЗ КАМСЫЗ ҮЙ-БҮЛӨЛӨРГӨ $63 МИҢ ДОЛЛАР БӨЛҮНДҮ

 763 Бардыгы /

2019-жылы Өзбекстан ун жана нан сатып алууга кеткен чыгымдарды компенсациялоо үчүн аз камсыз үй-бүлөлөргө 604 миллиард сум же 63,5 миң доллар бөлдү.

Өзбекстандын Пенсия фонду билдиргендей, өкмөт нандын баасын көзөмөлдөөдөн баш тарткандан кийин кирешеси төмөн үй-бүлөлөргө бериле турган төлөмдөр 1-октярдан тарта 2,3 доллардан 5 долларга чейин көбөйтүлгөн.

Мындан тышкары жөлөк пул алуучулардын категориясы 9дан 11ге чейин көбөйгөн. Учурда эки миллион киши компенсация алууда.

Өзбекстанда бөлкө нандын баасы акыркы бир айда эки эсе кымбаттаган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17