Аймак

ИЙГИЛИК БАГЫНТКАНДАР СЫЙЛАНЫШТЫ

ИЙГИЛИК БАГЫНТКАНДАР СЫЙЛАНЫШТЫ

 805 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 18-ноябрда Жалал-Абад ОИИБдин имаратында кызматта жана спортто ийгиликке жеткендерге медалдар ыйгарылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, кызматтык милдетине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту сактоодо кошкон зор салымдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрүнүн түзүлгөндүгүнүн күнүнө карата ИИМдин “Кадырман” медалы менен милициянын полковниги Куттубек Калназаров, ИИМдин “Кыргыз милициясына 95 жыл” юбилейлик медалы менен милициянын подполковниги Айталы Уметалиев сыйланышты.

Мындан сырткары Ош шаарында болуп өткөн “Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө” карата уюштурулган бокс боюнча чемпионатта 69 кг салмакта 1-орунду багындырган атайын операциялык отрядынын (ОСО) кызматкери, милициянын старшинасы Мурасбек Шербаевге медал тагылып, диплом тапшырылды.

“Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17