Аймак

ЧЕК АРАДАГЫ АЙЫЛДА БАЛА БАКЧА КУРУУЛУУДА

ЧЕК АРАДАГЫ АЙЫЛДА БАЛА БАКЧА КУРУУЛУУДА

 1,099 Бардыгы /

БАТКЕН. Чек арада жайланышкан Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Капчыгай айылында 34 орундуу бала бакчанын курулушуна капсула салынды. Иш чарага Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн биринчи орун басары Кеңеш Салихов, Баткен районунун акими Каланбек Маркаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Баса, атлган бала бакчанын курулушуна республикалык бюджеттен 16 милион 800 миң сомкаражат ажыратылды. Курулуш 2020-жылдын май айына аяктап, пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө. Белгилей кетсек, айыл тургуну Сапарали Батыров  менчигиндеги жер тилкесин бала бакчанын имаратын куруу үчүн Ак-Сай айыл өкмөтүнүн балансына акысыз өткөрүп берген. Үстүбүздөгү жылы Баткен районунун чек аралаш аймактарынын инфратүзүмүн чыңдоо, элинин жашоо-шартын жакшыртуу максатында Ак-Сай жана Ак-Татыр айыл өкмөттөрүнүн социалдык көйгөйлөрүн жеңилдетүүгө мамлекет тарабынан 220 миллион сом ажыратылган. Ушул тапта бул каражаттын эсебинен Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун, Ак-Сай-Рават жолунун курулушу дагыле уланууда. Ошондой эле  Ак-Сай айылынын «Бакай» тилкесине жаңы жерлерди өздөштүрүү үчүн насостук бекет куруу жумуштары аткарылууда. Муну менен катар айылдагы орто мектеп капиталдык оңдо- түзөөдөн өткөрүлдү.

Мындан тышкары республикалык бюджеттин эсебинен  Ак-Сай айыл өкмөтүнү Үч-Дөбө айылында жана Орто-Боз айылында дагы 225 орундуу типтүү  мектептердин курулушубашталды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17