Аймак

ИНДИЯ МЕНЕН САЛАМАТТЫК САКТОО ТАРМАГЫНДА КЫЗМАТТАШУУ МЫНДАН АРЫ ОГО БЕТЕР ЖАКШЫРАТ

ИНДИЯ МЕНЕН САЛАМАТТЫК САКТОО ТАРМАГЫНДА КЫЗМАТТАШУУ МЫНДАН АРЫ ОГО БЕТЕР ЖАКШЫРАТ

 890 Бардыгы /

ГРЕЙТЕР НОЙДА. Индиянын Грейтер Нойда шаарында «Advantage Health Care  India 2019» аттуу Эл аралык медициналык көргөзмө-конференция өткөрүлдү. Бул көргөзмөдө Кыргызстандын Индиядагы Элчилигинин көмөгү аркасында республикабыздын саламаттык сактоо улуттук мекемелеринин ондон ашуун өкүлдөрүнөн куралган Кыргызстандын делегациясы дагы катышты.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын делегаттары Индия жана башка өлкөлөрдөн келишкен кесиптештери менен жолугушуп, көргөзмөнүн дубалында ар кандай компаниялары тарабынан көрсөтүлгөн алдыңкы Индия ооруканаларына барып, жаңы медициналык техника, жабдыктары жана диагностикалары менен таанышышты. Саламаттык сактоо тармагында тажрыйба менен алмашуу жана өнөктөштүктү мындан ары дагы оожалтуу максатында Кыргыз медиктери индия ооруканаларында операцияларды жасоого дагы катышышты. Бардыгы болуп бул Эл аралык иш-чарага 93 чет өлкөдөн 600дөн ашуун делегаттар катышышты.

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ: Индиянын эң иримедициналык көргөзмөсү Индиянын коммерция жана өнөр жай Министрлиги, FICCI соода өнөр жай палаталарынын Индия федерациясынын, SEPC кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоону алдыга жылдыруу боюнча Индия Кеңеши тарабынан Индиянын ТИМни, Саламаттык сактоо министрлиги, Йога жана аюрведаны алдыга жылдыруу боюнча министрлигинин жана Индиянын ооруканаларын аккредитациялоо жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү жабдуу боюнча NABH Улуттук Кеңешинин колдоосу аркасында уюштурулду.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17