Аймак

ТАЖИКСТАН АЛДЫҢКЫ ҮЧ ЖЫЛДА 1 МИЛЛИАРД ДОЛЛАР НАСЫЯ АЛУУГА НИЕТТЕНҮҮДӨ

ТАЖИКСТАН АЛДЫҢКЫ ҮЧ ЖЫЛДА 1 МИЛЛИАРД ДОЛЛАР НАСЫЯ АЛУУГА НИЕТТЕНҮҮДӨ

 1,154 Бардыгы /

Тажик өкмөтү «2020-2022-жылдары сырттан карыз алуу» тууралуу жаңы программаны жактырып, ага мамлекет башчы Эмомали Рахмон кол койду.

Документке ылайык, өлкө бийлиги 2020-жылы сырттан 220 миллион, 2021-жылы 336,48 миллион жана 2022-жылы 365,31 миллион доллар насыя алат. Программада Тажикстан акча сурай турган өлкөлөр менен эл аралык уюмдар көрсөтүлгөн эмес.

Акыркы бир нече жылдан бери өлкө эң көп Кытайдан насыя алган. Ушул тапта мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кытайдан алган насыянын жалпы көлөмү 1 миллиард 525 миллион долларды түзөт.

Учурда Тажикстандын тышкы карызы 2,9 миллиард долларды же ички дүң өнүмдүн 35,9% түзөт. Бул сумманы өлкө жашоочуларына бөлүштүрсө, орточо эсеп менен ар бир жаран 318 доллардан төлөшү керек болот.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17