Аймак

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ӨНӨКТӨШ ДОНОРЛОР МЕНЕН ЖОЛУГАТ

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ӨНӨКТӨШ ДОНОРЛОР МЕНЕН ЖОЛУГАТ

 603 Бардыгы /

19-ноябрда Бишкекте «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» деген темада донордук конференция өтөт. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышарын өлкө башчынын аппаратынын Стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланчу форумга эл аралык 25 уюмдан жана 10 өлкөдөн өнүктүрүү жаатында кызматташкан өнөктөштөр чакырылган.

Президент ушуну менен донорлор менен экинчи жолу жолукканы турат. 2018-жылдын 1-ноябрында бийлик бутактарынын башчылары катышкан конференция болуп, ага элчилер жана эл аралык уюмдардан 50дөн ашык өкүлү катышкан.

Данияр Иманалиев Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери өнүктүрүү жаатында кызматташкан өнөктөштөр экономика, транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, ирригация, саламаттыкты сактоо, билим берүү, экология жана айлана-чөйрө тармактарын өнүктүрүүгө 10,5 млрд. доллар каражат бөлгөнүн айтты.

Ошондой эле учурда Евразиялык өнүктүрүү банкынан 200 млн. доллар алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи. Андан тышкары Дүйнөлүк банк тарабынан региондорду өнүктүрүү боюнча долбоорлорду даярдоо иши башталганын, алгач 60 млн. долларга Ош облусунда агроөнөр жай комплексин жана региондун туруктуу туризмин өнүктүрүүчү долбоорлор ишке ашырыларын билдирди.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17