Аймак

ТБИЛИСИ: ПОЛИЦИЯ ПАРЛАМЕНТТИ КУЛПУЛАП АЛГАНДАРДЫ КУУП ТАРАТ

ТБИЛИСИ: ПОЛИЦИЯ ПАРЛАМЕНТТИ КУЛПУЛАП АЛГАНДАРДЫ КУУП ТАРАТ

 828 Бардыгы /

Грузиянын борбору Тбилиси шаарында парламенттин имаратын оозун тороп алгандарга полиция суу бүркүп, кууп таратты жана бир канча активистти кармап кетти.

Дем алыш күндөрү оппозициячыл партиялардын тарапкерлери жана активисттердин Жогорку Раданын үч эшигин тең тороп, алдына чатырларды тигип алышкан жана бийликтеги партиянын депутаттарын имаратка киргизбей турганын билдиришкен. Парламенттин басма сөз кызматы нааразылык акцияларынан улам дүйшөмбүдө мыйзам чыгаруу органынын иши үзгүлтүккө учураганын айткан.

Тбилисиде нааразылык акциялары 14-ноябрда башталган. Буга парламентте 2020-жылга белгиленген шайлоону пропорционалдык система боюнча өткөрүү жоболору каралган мыйзам долбоору кабыл алынбай калганы себеп болгон. Демонстранттар ошондон тартып парламенттин алдындагы аянтка чатыр тигип, мөөнөтсүз акция башташкан. Полиция бул ирет күч колдонгон жок.

Грузиядагы шайлоо системасын өзгөртүүчү мыйзам долбоору кабыл алынбай калганын Европа Кеңешинин Парламент аралык ассамблеясы менен АКШнын Тбилисидеги элчилиги айыптады.

Быйыл жайында да Тбилисиде миңдеген адамдар көчөгө чыгып, шайлоо системасын өзгөртүүнү талап кылышкан. Анда эл менен полиция кагылышып, жалпысынан 240 адам жаракат алган болчу.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17