Аймак

КАЗАКСТАНДА ПРОКУРОР ТӨРТ АКТИВИСТТИ ЭКИ ЖЫЛГА СОТТООНУ СУРАДЫ

КАЗАКСТАНДА ПРОКУРОР ТӨРТ АКТИВИСТТИ ЭКИ ЖЫЛГА СОТТООНУ СУРАДЫ

 656 Бардыгы /

18-ноябрда Мамлекеттик айыптоочу Казакстанда тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылына катышы бар деп айыпталган төрт кишинин ар бирин эки жылга соттоону сурады.

Прокурор Мухит Рысбеков айыпталуучулар сотко ыраттуу түрдө катышканын айтып, алардын кичинекей балдары бар экенин эске алуу зарылдыгын белгиледи.

Прокурордун билдиришинче, айыпталуучулардын “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылынын жумуштарына аралашканы толук далилденген.

Айыпталуучулар тагылган күнөөлөрдү моюндарына алган жок, алар соттон өздөрүн толук актоону өтүнүштү. Сот өкүмү 19-ноябрда чыгат.

Сотто иши каралып жаткан 30 жаштагы Оксана Шевчук, 51 жаштагы Гүлзипа Жаукерова жана 36-жаштагы Ануар Аширалиев убактылуу тергөө абагында. Ал эми 48 жаштагы Жазира Демеуова үй камагында отурат. Августта казакстандык укук коргоочулар аларды саясий туткундардын тизмесине киргизген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17