Аймак
Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
СУЗАК РАЙОНДУК ЭМГЕК ЖАНА СОЦИАЛДЫК ӨНҮГҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫ БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫН ЭЭЛӨӨ ҮЧҮН АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
СУЗАК РАЙОНУНУН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ БОШ АДМИНИСТРАТИВДИК МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
НООКЕН РАЙОНДУК ВЕТЕРИНАРДЫК ЖАНА ФИТОСАНИТАРДЫК КООПСУЗДУК БОЮНЧА БАШКАРМАЛЫГЫ АДМИНИСТРАТИВДИК МАМЛЕКЕТТИК БОШ КЫЗМАТ ОРУНУН ЭЛӨӨ ҮЧҮН АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУНУН МОГОЛ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН АДМИНИСТРАЦИЯСЫ БОШ ОРУНУН ЭЭЛӨӨ БОЮНЧА СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жалал-Абад регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы бош кызмат орунуна ЖУМУШКА ЧАКЫРАТ
СЫНАК СОТ ДЕПАРТАМЕНТИНЕ
АКЦИЯ
ОАО «ЖАЛАЛАБАТЭЛЕКТРО» ОБЪЯВЛЯЕТ КОНКУРС
Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтү муниципалдык административдик бош кызмат орундарына СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
ЖАЛАЛ-АБАДСКОЕ ОБЛАСТНОЕ УПРАВЛЕНИЕ СУДЕБНОГО ДЕПАРТАМЕНТА ПРИ ВЕРХОВНОМ СУДЕ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ОБЪЯВЛЯЕТ КОНКУРС
«МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНЫН КӨК-ТАШ АЙЫЛЫНДАГЫ ВЕТЕРИНАРДЫК СЕРВИСТИН ИМАРАТЫН КАПИТАЛДЫК РЕМОНТТОО» КИЧИДОЛБООРУНА Т Е Н Д Е Р Ж А Р Ы Я Л А Й Т
«ПРИОБРЕТЕНИЕ ЮРТ ДЛЯ ЧАБАНОВ НООКЕНСКОГО ОПП» КИЧИДОЛБООРУНА Т Е Н Д Е Р Ж А Р Ы Я Л А Й Т
«ПРИОБРЕТЕНИЕ ЮРТ ДЛЯ ЧАБАНОВ МОМБЕКОВСКОГО ОПП» КИЧИДОЛБООРУНА Т Е Н Д Е Р Ж А Р Ы Я Л А Й Т
“МОГОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖПБНЕ БОЗ ҮЙ САТЫП АЛУУ” КИЧИДОЛБООРУНА Т Е Н Д Е Р Ж А Р Ы Я Л А Й Т
“ПРИОБРЕТЕНИЕ КОРМА И СЕНО ДРОБИЛКИ ДЛЯ ОБЕСПЕЧЕНИЕ КОРМОВОЙ БАЗЫ ТАЛДУУ-БУЛАКСКОГО ОПП” КИЧИДОЛБООРУНА Т Е Н Д Е Р Ж А Р Ы Я Л А Й Т
“ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖПБНЕ БОЗ ҮЙ САТЫП АЛУУ” КИЧИДОЛБООРУНА Т Е Н Д Е Р Ж А Р Ы Я Л А Й Т
“АКМАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖПБНЕ БОЗ ҮЙ САТЫП АЛУУ” КИЧИДОЛБООРУНА Т Е Н Д Е Р Ж А Р Ы Я Л А Й Т
СУЗАК РАЙОНУНДАГЫ КАРА-АЛМА АЙЫЛ ӨКМӨТҮ БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Сузак райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы бош кызмат орундарын ээлөө үчүн АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

ЖАШТАР — ӨЛКӨНҮН АЗЫРКЫСЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ

ЖАШТАР — ӨЛКӨНҮН АЗЫРКЫСЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ

568 просмотров всего, 3 просмотров сегодня

Жаш жарандар өздөрүнүн ар түрдүү демилгелери, ой-жүгүртүүлөрү, жаңыча ачылыштарды жасагандыктары менен мурункулардан өзгөчөлөнүп турат эмеспи. Жигердүү жаштар — өлкөнү алдыңкы мамлекеттердин катарына алып чыгат – деген ишеним менен биз Жаштар күнүнө ошондой эле Эл аралык студенттер күнүнө карата коомубуздун жаш лидерлеринен төмөнкү суроолорубузга жооп алдык.

Бектур ТОКТОНОЕВ, жаш лидерге:

-АЗЫРКЫНЫН ЖАШ ЖАРАНЫ КИМ ЖАНА АЛ КАНДАЙ БОЛУШ КЕРЕК?

— Өлкөбүздүн жаштар саясаты боюнча мыйзамында «жаштар» деген аталыш 14 жаштан 28 жашка чейинкилерге туура келери жазылган. Демек жаш жарандар — булар жогорудагы куракка киргендер. Ал эми жаш жаран да биринчи кезекте адам. Адамдар кандай болушу керек болсо, жаш жарандар да ошондой болушу зарыл. Жаш жарандардын улуу жарандардан бир эле айырмасы бар. Бул алардын курагында гана. Канчалык жаш болсоң ошончолук мүмкүнчүлүгүң бар болот. Демек жаш жаран улуу муунга караганда жаңычыл ой жүгүрткөн, ааламдын же мамлекеттин келечегинин жоопкерчилигин ала алган адам болушу шарт.

  -УЧУРДА ЖАШТАР КИМДЕРДИ КАРАП ТҮЗДӨНҮҮДӨ?

Азыр жаштарды өз агымына азгыргысы келген топтор көп. Алардын сап башында спорт аралаш криминал, радикал-либералдар жана радикал-динчилдер турат. Кандай жол менен болбосун бизнес кылып жаткан адамдарды ээрчигендер да аз эмес. Бирок акыркы 5-6 жылдан бери илимге, китепке, руханий баалуулукка, ыктыярчылык менен өлкөгө салым кошууну каалаган жаштар да көбөйдү. Менимче акыркы айткан багытым өлкөбүздү алдыга алып чыга алат.

— ЖАШТАР ДА ЖАСАЙ АЛАТ…

Мен өзүм Ала-Бука районундагы 150 бала окуган А.Ботоев мектебин бүткөм. Мен үчүн таанымал адамдар менен жолугуу, телевизордон чыгуу, кадимки эле Бишкекке баруу кыял болгон. Алардын баарына активдүүлүгүм, креативдүү идеяларым, эмгегим, тил табыша алганым менен, Жараткандын жана мени тааныгандардын колдоосу аркылуу жеттим. Азыр окуу борбор ачып, иштетип жатам. Андан сырткары да бир топ долбоорлорду ишке ашыруудабыз. Жаш жаран — бул келечектин жоопкерчилигин алган адам…

Адам каерде окуп же жашап калса, ошол жерди өркүндөтүп, көктөтүшү керек. Мен да Жалал-Абадда окуп калгам. Башка мүмкүнчүлүгүм жок эле. Ошого ал жердеги жаштар саясатына салым кошуп, бир топ долбоорлорду ойлоп таап, мен жетпей калган Бишкектеги мүмкүнчүлүктөрдү түзүшүм керек болгон. Кайсы бир деңгээлде ага да жетиштим. Демек, Жалал-Абадда окуп, жашап жаткан ар бир жаш жаран «жаштардын шаары» болуш үчүн идеясы, энергиясы, ыктыярчылыгы менен салым кошуусу керек.

Ороз АБДЫЛАЕВ, Жалал-Абад шаардык жаштар комитетинин төрагасынын орун басарына:

-ЖАШТАР КООМДУН (ӨЛКӨНҮН) ПОТЕНЦИАЛЫН ЖОГОРУЛАТУУДА КАНДАЙ ИШТЕРДИ АТКАРСА БОЛОТ?

И.Раззаков: “Коом  — бул сен жана менден куралат. Эгер сен ак болсоң, мен ак болсом демек коом да ак болот” – дейт. Айтайын дегеним потенциалдуу, принципиалдуу, алдыга бекем максат койгон жаштар көп болсо, биздин келечек да ошончолук даражада ишенимдүү болот. Өткөндө Нуржигит Кадырбековго бир студент “20 жылдан кийин биздин өлкөбүздүн келечеги кандай болот?” – деп суроо бериптир. Агай бир эле сөз менен “20 жылдан кийин сиз кандай болсоңуз биздин келечек ошондой болот” – деп жооп узатыптыр. Чындыгында келечек бүгүнкү жаштардын колунда. Биз бүгүн эптеп эле максатсыз жашап жүрсөк, келечегибиз да эптелип куралат. Андыктан жаштарда күч, энергия бар. Ошону эл-жер үчүн максаттуу пайдаланыш керек. Элиме кызмат кылам — деген жигердүү жаштар да бар. Бирок арасында эч кандай максаты жок, эптеп эле күн өткөргөн жаштарыбыз да жок эмес. Аларды да буйруса жакшы ниет менен өз катарыбызга кошуунун аракетиндебиз. Потенциалдуу жаштар – потенциалдуу келечек курат.

“Кылычсыз Самурай” китебинде да айтылат “Адам потенциалын жогорулатууга эки нерсе багыт берет: 1-китеп окуу, 2-башынан өткөргөн жагдайлары тагыраагы турмуштан алган сабактары. Буйруса биз Жаштар иштери боюнча комитети жаштардын потенциалын жогорулатууга арналган ар кандай (дебат, интеллектуалдык оюн, семинар, жолугушуулар, тазалык акциялары ж.б.) иш-чараларды өткөрүп келгенбиз жана өткөрө бермекчибиз.

Искендер ЗИЯБИДДИН уулу, ЖАМУнун жаштар комитетинин төрагасына:

-УЧУРДУН ЖАШТАРЫ ЭМНЕДЕН АКСАЙТ ЖАНА АЛАРДЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ?

-XXI кылымдын, техника заманынын жаштары деп шылтаганыбыз менен башкы көйгөй жаштардын ээрчиме болуп баратканы. Баары эле пиар катары көргөн нерсесине жетпесе да аракеттенип, ошондон аксап жаткан жаштар көп. Анан толтура мүмкүнчүлүктөрдү өзүнөн чектеп алган жаштардын да саны арбып баратат. Башкача айтканда биздин жаштар башка бирөөлөрдүн жардам беришин тагыраагы даяр нерсени күтүшөт. Ийгиликке кантип жетүүнүн жолун билишпейт, бирдиктүү максаты жок. Негизи өзүн-өзү өнүктүрүүгө толтура мүмкүнчүлүктөр бар. Индивидуалдуу, максаттуу жаштар аз деп ойлойм. Мисалы он адамдын бирөөсү максаттарына жетүү үчүн жигердүү аракеттенсе, калган тогузу ага ээрчиме болуп, ою кыска, тили чоркок жаштар анын агымында сүзө берет. Айыл жергесинде аябай күчтүү жаштар бар, бирок аларга мүмкүнчүлүк жок. Шартты да туура келтирсе болот, бирок аларга туура келе турган багыттардын чөйрөсүндө жашабай калгандары өкүнүчтүү.

Азыркы 21-кылымдын жаштарын союздун адамдары тарбиялап жаткандыктан да өздөрүнө окшотобуз деп чекеңден териң чыкканда гана бир нерсеге ээ болосуң, физикалык күчүңдү жумшашың керек деген аңсезим менен тарбиялап коюшууда. Жашынан эле мээнет кыл, отун ташы деп үйрөткөнү үчүн адамдар акылын иштетпей эле кара күчүн иштетип калган. Ошонун айынан да бизде акыл менен иштей турган философ, педагог, мыкты адистер чыкпай жаткандыгы себеп десек болот. Ал эми азыркы техниканын заманында көп деле кара күч талап кылынбайт, бир гана өзгөчө идеа жана аны ишке ашыруучу башты иштетүү гана керек.

Жаштардын глобалдуу жетишкендиктери катары карасак, башкы орунда техника, интернет, маалымат заманында жашаганы десек болот. Биз маалыматтарды тез үйрөнүүгө, тез алмашууга мүмкүнчүлүктөрдү ачып алдык. Бул биз үчүн өтө чоң жетишкендик. Бирок муну да пайдалана албаган жаштар бар. Мисалы, бул мүмкүнчүлүктөрдү туура өздөштүргөн жаштар бир канча өлкөлөрдү кыдырып, саякаттап, билим алып келишүүдө.

Ысхак МАДИМАРОВ, жаш лидерге:

ЖАШТАР ЭМНЕЛЕРГЕ АРЫЗДАНАТ ЖАНА СУНУШТАЙТ?

-Дин эркиндиги деп жаштар ар кайсы агымдан тартып жатканы. Жаштарга ар бир иште мээнет бар экенин үйрөтпөй, жеңил желпи акчага кызыктырып жаткан сырттан келген көз карандысыз уюмдар. Башка атты жамынып, эки жүздүүлүк кылган — ишканалар. Жаштардын укугу, алар эркин болсун деп укуктарыбызды көрсөтүп да милдеттерибизди көрсөтпөгөн закондор. Өзүбүздүн менталитетке туура келбеген чет элдин кылык жоруктары. Кылмыш, уруш, уурулук, адам өлтүрүү, уят программаларды койгон, жазып чыккан угузган айрым ММКнын өкүлдөрү. Сөзүнө иши, ишине сөзү дал келбеген — депутаттар. Айта берсе сөз көп, мунун баары кайсы бир деңгээлде жаштардын көз карашына, ой-жүгүртүүсүнө, эки жүздүүлүккө, жалкоолукка ошол эле учурда келечегине да түздөн-түз таасирин берет. Андыктан ар бир адам, ар бир кесип ээси өз милдетин так жана таза аткарса демекчимин.

 

Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Архив

ПнВтСрЧтПтСбВс
      1
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
    123
45678910
       
 123456
78910111213
28293031   
       
      1
30      
   1234
567891011
       
1234567
22232425262728
293031    
       
     12
17181920212223
       
  12345
6789101112
       
2930     
       
    123
45678910
       
    123
45678910
25262728   
       
 123456
78910111213
28293031   
       
     12
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
      1
16171819202122
3031     
    123
45678910
11121314151617
       
 123456
78910111213
28293031   
       
      1
30      
   1234
567891011
       
   1234
567891011
262728    
       
1234567
293031    
       
    123
45678910
       
  12345
27282930   
       
      1
3031     
    123
       
 123456
78910111213
28293031   
       
     12
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
  12345
6789101112
2728     
       
      1
3031     
   1234
       
282930    
       
     12
31      
   1234
12131415161718
       
1234567
891011121314
15161718192021
293031    
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
1234567
15161718192021
22232425262728
29      
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
30      
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930    
       
     12
3456789
31      
  12345
13141516171819
2728293031  
       
15161718192021
22232425262728
2930     
       
    123
18192021222324
       
  12345
6789101112
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
      1
232425262728 
       
   1234
       
293031    
       
     12
       
  12345
       
2930     
       
    123
       
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
30      
   1234
       
78910111213
14151617181920
282930    
       
     12
31      
     12
2425262728  
       
  12345
       
      1
23242526272829
3031     
    123
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17