Аймак

АКШ СЕНАТОРУ: ТАЖИКСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИН КАМСЫЗ КЫЛУУ ҮЧҮН БАРДЫК АРАКЕТТЕРДИ КӨРӨБҮЗ

АКШ СЕНАТОРУ: ТАЖИКСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИН КАМСЫЗ КЫЛУУ ҮЧҮН БАРДЫК АРАКЕТТЕРДИ КӨРӨБҮЗ

 731 Бардыгы /

АКШ Сенатынын Эл аралык мамилелер боюнча комитетинин төрагасы Жим Рич «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун (RFE/RL) президенти Жейми Флай менен жолугуп, Тажикстанда сөз эркиндигин камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди көрөрүн билдирди.

Анын айтымында, Сенаттын мүчөлөрү буга чейин да Тажикстандын бийлигин «Азаттык» радиосунун тажик кызматынын («Озоди») кабарчыларына аккредитация берүүгө чакырган. 25-октябрда сенаторлор Жим Рич, Роберт Менендз, Марко Рубио жана Роберт Кейзи тажик президенти Эмомали Рахмондун атына кайрылуу жолдоп, аталган радионун кызматкерлерине аккредитация берилбей жатканына тынчсыздануусун билдирип, бул көрүнүш «тажик-америка мамилелеринин туруктуулугуна таасир этиши мүмкүндүгүн» эскертишкен.

31-октябрда Тажикстандын бийлиги «Озодинин» баш-аягы 20 журналисти менен кызматкеринин аккредитация алуу тууралуу өтүнүчүн жарым жартылай гана канааттандырып койгон. Ага ылайык, алты кабарчыга алты айга, бирөөнө үч айга гана аккредитация берилген. 11 кабарчы аккредитация ала алган эмес.

Ноябрдын башында Швейцариянын Цюрих шаарында «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жолугуп, «Озоди» радиосунун журналисттеринин аккредитация алуу маселесин талкуулашкан. Флайдын айтымында, жолугушуунун жүрүшүндө Рахмон радионун кызматкерлеринин аккредитация маселеси чечиле турганын убадалаган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17