Аймак

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ ЛЮКСЕМБУРГДУН УЛУУ ГЕРЦОГУНА ИШЕНИМ ГРАМОТАСЫН ТАПШЫРДЫ

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ ЛЮКСЕМБУРГДУН УЛУУ ГЕРЦОГУНА ИШЕНИМ ГРАМОТАСЫН ТАПШЫРДЫ

 1,113 Бардыгы /

ЛЮКСЕМБУРГ. Кыргызстандын Люксембургдун Улуу Герцогундагы Элчиси Муктар Жумалиев Люксембургдун Улуу Герцогу Анриге Ишеним Грамотасын тапшырды. Иш-чара Люксембургдун Улуу Герцогдорунун монархтарынын резиденциясында – «PalaisGrandDucal» сарайында өткөрүлдү.

Адегенде Кыргыз Элчиси Муктар Жумалиев Президент Сооронбай Жээнбековдун атынан Люксембургдун Улуу Герцогу Анриге ысык салам жолдоду. Мындан ары карым-катышты калыңдатуу каалоо-тилегин дагы билдирди. Андан ары эки тараптуу сүйлөшүү жүрүп, Кыргызстан менен Евро Биримдиктин мындан аркы байланыштарын өркүндөтүү жагы макулдашылды.

Соңунда Люксембургдун Улуу Герцогу Анри Кыргызстандын Люксембургдун Улуу Герцогундагы Элчиси Муктар Жумалиевдин диплотаттык ишине дагы ийгилик тилеп, Президент Сооронбай Жээнбековго жылуу тилектерин ыроолоду.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17