Аймак

БАТКЕН РАЙОНУНУН БОРБОРУНА БУЖУМ АЙЫЛЫНАН 15 ГЕКТАР ЖЕР АЯНТЫ АЖЫРАТЫЛДЫ

БАТКЕН РАЙОНУНУН БОРБОРУНА БУЖУМ АЙЫЛЫНАН 15 ГЕКТАР ЖЕР АЯНТЫ АЖЫРАТЫЛДЫ

 1,129 Бардыгы /

БАТКЕН. Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнө сапарлады. Адегенде аталган аймактагы бир катар социалдык обьекттердин абалы менен жеринде таанышып, айрым маселелердин жеринде чечилишине шарт жаратты.

Маселен, элет эли эскилиги жеткен таза суу түтүктөрүн жана  электр чубалгыларын жаңылоо, турак жай куруу үчүн жер аянтын трансформациялоо, айыл өкмөтүнүн инфратүзүмүн чыңдоо боюнча маселелерди дагы үстөккө-босток көтөрүштү. Ошондой эле Айгүл гүлү өскөн аймакты корукка алуу, эс алуучулар үчүн тийиштүү шарттарды жаратуу, “Алмалы” эс алуу жайын иретке келтирүү, эс алуучуларды тартипке чакыруу иш-чараларын күчөтүү зарылчылыктарын деле ачык айтышты.

Жолугушуудан соң Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров Кара-Булак айылындагы суу булактарынын абалын  бир сыйра текшерип, айылдын таза суу маселесин чечүү жатында тийиштүү жетекчилерге катуу табыштады. Бул иш-сапарынын алкагында Акрам Мадумаров Баткен районунун борборун куруу үчүн ажыратылган 15 гектар жер аянты менен дагы таанышты. Бул аймакка келечекте Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук мекеме ишканалардын имараттарын  куруу пландаштырылган. Ушул тапта бул боюнча Башкы План даярдалган. Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров Баткен районунун административдик имараттарын  куруу менен ушул тапта Баткен шаарынын аймагында жайгашкан Баткен районуна тиешелүү мекеме-ишканаларды Бужум айылына жылдыруу боюнча тиешелүү болочоктуу иш-аракеттерди баштоо боюнча тапшырмаларды дагы берди.

Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүндө он беш миңден ашуун калк жашайт. Айыл Өкмөтү инвесторлордун жана жергиликтүү бюджеттинэсебинен элдин бир катар социалдык көйгөйлөрүн өзү эле чечкен. Ушул тапта  Бужум айылында спорт комплекси жана Кара-Булак айылында ФАПтын имараттары курулуп, пайдаланууга тапшыруу алдында турат.

 

 Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17