Аймак

  БЕЛЬГИЯ КОРОЛДУГУНДА ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУ ЭСКЕРИШТИ

  БЕЛЬГИЯ КОРОЛДУГУНДА ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУ ЭСКЕРИШТИ

 817 Бардыгы /

ЛЮКСЕМБУРГ. Кыргызстандын Люксембургдун Улуу Герцогундагы Элчилигинде заманыбыздын залкар жазуучусу, ойчулу жана элчиси Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган адабий кече өткөрүлдү. Бул иш-чарага Кыргызстандан жана ЕврАзия өлкөлөрүнөн келишкен белгилүү жазуучулар жана адабиятчылар катышты.

Кыргыз элчиси Муктар Жумалиев катышуучуларга Чыңгыз Айтматовдун Кыргызстандын Бельгиядагы Элчиси болгон убагындагы чыгармачылыгы жана жашоосу туурасында кеңири баяндама жасады

Кечеде жазуучулар жана адабиятчылар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы менен бирге өздөрүнүн ырларынан жана кол жазмаларынан үзүндүлөрдү дагы көркөм окуп беришти.

 Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17