Аймак

ЧЫМКЕНТТЕ АВТОБУС АЙДООЧУЛАРЫ ИШ ТАШТАШТЫ

ЧЫМКЕНТТЕ АВТОБУС АЙДООЧУЛАРЫ ИШ ТАШТАШТЫ

 840 Бардыгы /

Бүгүн, 20-ноябрда Казакстандын Чымкент шаарында 50дөй автобус айдоочусу жумушка чыккан жок. Беш багыт боюнча жүргөн автобустардын айдоочулары жана кондукторлор айлык акыны убагында төлөп берүүнү жана жогорулатууну талап кылышууда.

Чогулгандардын айтымында, жумушка кирер алдында аларга 180 миң теңге төлөнөрү айтылган, бирок учурда 60 миң тенге (155 доллар) гана алышууда.

— Биз суткалап турабыз. Автотранспортту жууш керек, кассага акча төгүш керек. Таңкы саат төрттө турабыз. Күндүзгү планды аткарбай көр, ишке чыгарбайт. Биздин намысыбыз кайда? Айлыгыбыз кайда? Үй-бүлөбүздү кантип багабыз? – деди кондукторлордун бири.

Нааразы жумушчулар менен компаниянын директору жолугуп, айлык кечиктирилип жатканын мойнуна алып, ишкана каржы көйгөйүнө кептелгенин билдирди.

— Каттамдардын 70 пайызы өзүн-өзү актабайт. Муну жумушчулардын баары билет. Бирок ага карабай, кечиктирип болсо да төлөп берип жатабыз, – деди Shymkent Bus автопаркынын директору Еликбай Токбергенов.

Автопаркта 480 киши иштейт. Ал шаардагы 12 каттамды тейлейт.

Shymkent Bus автопаркынын айдоочулары август айында да айлыктарды убагында төлөп берүү талабы менен иш ташташкан.

Чымкентте бир миллиондон ашуун киши жашайт. 2018-жылы республикалык маанидеги шаар макамын алган.

 

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17