Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД АЗИЯ ЧЕМПИОНУ НУРАДИНДИ  КАНДАЙ ТОСУП АЛДЫ?

ЖАЛАЛ-АБАД АЗИЯ ЧЕМПИОНУ НУРАДИНДИ  КАНДАЙ ТОСУП АЛДЫ?

 1,479 Бардыгы /

Бүгүн 20-ноябрда жаштар арасында Азия чемпиону аталган Рустамбек уулу Нурадин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн коштоосунда тосуп алынды.

Ага Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү К.Сатыбалиев, Сузак районунун акими Э.Омошев, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Р.Алтымышев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, куттуктоо менен өз ыраазычылыктарын билдиришти.  19 жаштагы Нурадин 8 жашынан бери Барпы айыл аймагындагы “Тай-мурас” спорттук клубунда машыгып келет. Анын агалары, туугандары да боксчу болуп, чемпион аталгандары көп. Ошолордун таасири менен бул да ушул тармакка аралашканын белгилейт апасы Дариха Абдыкулова.

Ал эми төрт атаандашын жеңип, жаштар арасында биринчи жолу Азия чемпиону болгон Нурадин Рустамбек уулу өз жеңишин кыргыз элине арнады.

“Турнир Улан-Батордо (Монголия) 16 өлкөдөн келген спортчунун катышуусунда өттү. 11-ноябрда башталган чемпионат айтканга оңой болгону менен чындыгында оор болду. Ошого карабай Кыргызстандын намысына жарап жакшы ийгиликтер менен кайтып олтурабыз. Төрт атаандашым болду. Эң күчтүү атаандашым индиялык болчу, аны 3/2 эсебинде уттум. Мени ушул даражага жеткирген Улан Сагынбаев агайыма ыраазычылыгымды  билдирем. Келечекте буйруса 2020-жылы Токиодо өтө турган олимпиада оюндарына барып, Кыргызстандын желегин бийикке желбиретип келем деген максатым бар. Ал эми бул жеңишимди кыргыз элиме арнайм” дейт, –  Нурадин Рустамбек уулу.

Белгилей кетсек, Рустамбек уулу 69 кг чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Сузактык мушкер Корея, Индия жана Ирактан келген атаандаштарын жеңип, финалдык беттеште өзбекстандык Нурислом Исмоиловду утуп, жаштар арасында Азия чемпиону аталган.

 

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17