Аймак

СУЗАКТА БУЗУУЛАР КОДЕКСИНИН ИШТӨӨ ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

СУЗАКТА БУЗУУЛАР КОДЕКСИНИН ИШТӨӨ ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

 1,326 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. 2019-жылдын башынан Кыргызстанда жаңы мыйзамдар күчүнө кирип, иштей баштаган. Буга байланыштуу калк арасында түшүндүрүү иштери милиция тарабынан үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымдады.

Ага ылайык, жаңы кодекстердин алкагында Бузуулар боюнча протоколдорду туура толтуруу, иш кагаздарын алып баруудагы маалыматтар камтылган жыйындар областтын аймагындагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте уюштурулууда.

Бул багытта Сузак РИИБи тарабынан жергиликтүү администрацияда 20-ноябрь күнү атайын жыйын өткөрүлүп, жаңы кодекстер боюнча кеңири маалыматтар берилип, кызуу талкууга алынды. Бул иш-чарага район аймагындагы ар бир айыл өкмөттө түзүлгөн бузуулар комиссиясынын мүчөлөрү, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттар болуп жалпы 500гө жакын адам катышты. Аларга Бузуулар кодексиндеги жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына тиешелүү беренелер окутулуп, күнүмдүк ишмердүүлүгүндө колдонуу керектиги белгиленди.

“Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17