Аймак

МАМДУМА ЖЕКЕ ТАРАПТАРДЫ «ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ТЫҢЧЫ» КАТАРЫ АНЫКТАГАН МЫЙЗАМДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

МАМДУМА ЖЕКЕ ТАРАПТАРДЫ «ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ТЫҢЧЫ» КАТАРЫ АНЫКТАГАН МЫЙЗАМДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

 704 Бардыгы /

Орусиянын Мамлекеттик думасы жеке тараптарды «чет өлкөлүк тыңчы» деп аныктай турган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Документке ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомдук-саясий абал тууралуу материалдарды тараткан, же ошондой материалдарды даярдоого катышкан, ошондой эле чет өлкөдөгү орусиялык юридикалык тараптардан акча же мүлк алган, башка мамлекеттердин каржы булактарынан каржыланган жеке тараптар, анын ичинде журналисттер менен блогерлер «чет өлкөлүк тыңчы» болуп таанылат. Мындай адам кийин макала, маалымат жарыялаганда «чет өлкөлүк тыңчы» экенин улам-улам белгилеп турушу керек болот. Мыйзамды бузгандарга миллиондогон айып пул салынат.

«Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө» мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган.Былтыр ноябрдан тартып чет жактардан акча алган массалык маалымат каражаттарын ал тизмеге кошууга жол ачкан мыйзам иштей баштады. Ал реестрде ушу тапта 150дөн ашык коммерциялык эмес уюм жана маалымат каражаты катталган. Арасында «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун орус кызматы жана «Настоящее время» телеканалы бар.

Өткөн айда Юстиция министрлиги оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын «Коррупция менен күрөш фондун» «чет өлкөлүк тыңчылар» тизмесине киргизген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17