Аймак

ӨЗБЕКСТАН ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН НАСЫЯЛАРДАН БАШ ТАРТАТ

ӨЗБЕКСТАН ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН НАСЫЯЛАРДАН БАШ ТАРТАТ

 584 Бардыгы /

1-январдан тарта Өзбекстан жеңилдетилген насыя берүү тажрыйбасынан акырындык менен баш тарта баштайт. Тиешелүү жарлыкка өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев 20-ноябрда кол койду.

Ошол эле маалда документ коммерциялык банктарга «пайыздык чендерди жана пайыздык чыгымдардын бөлүгүн компенсациялоо механизмдерин өз алдынча аныктоо укугун» берет.

Жарлыкка ылайык, улуттук валюта менен кайрадан бериле турган насыялардын бардык түрлөрү боюнча пайыздык чендер Борбордук банктын кайра каржылоо ченинен төмөн эмес деңгээлде белгиленет. Бул эреже ипотекалык насыя берүү боюнча мамлекеттик программаларга, ошондой эле пахта жана дан өсүмдүктөрүн өстүргөн дыйкандарга бериле турган насыяларга тиешелүү болбойт.

Учурда Борбордук банктын кайра каржылоо боюнча пайыздык чени 16% түзөт. Ал эми «Ар бир үй-бүлө — ишкер» долбоорунун алкагында насыялар 8%, «Жаштар — биздин келечегибиз» программасы боюнча 7% берилет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17